Бишкек мэриясынын алдындагы Билим берүү башкармалыгынын башчысы Сауле Мейрманова ээлеген кызматынан кетти. Бул тууралуу мэриянын аппаратынын жетекчиси Балбак Түлөбаев билдирди.

Маалыматка ылайык, ал кызматтан өз каалоосу менен кетүү тууралуу арыз жазган жана анын берген арызына кол коюлду.

Белгилей кетсек, Мейрманова Билим берүү башкармалыгынын 2014-жылдан бери жетектеп келген.

If you have found a spelling error, please, notify us by selecting that text and pressing Ctrl+Enter.