Парламенттик шайлоого эки айча убакыт калды.
Азыркы бийликтин эл арасындагы бедели белден ылдый түшүп баратат.
Анын негизги себеби экономикалык каатчылык жана элдин жашоосунун күн санап начарлап баратышы.
Ага кошул-ташыл бийликтеги кадрлардын кадырынын жоктугу.

Мына ушундай алешем абалын аңдай баштадыбы айтор, бийлик башындагылар шашылыш түрдө бедели бош, бечел атка минерлерин алмаштырып баштады.

А дегенде эле Ысык-Көл облусунун башчысына Бишкек мэриясынын аппарат жетекчиси Балбак Түлөбаевди дайындаганы туру.Андан соң дагы бир облус башчысы алмашаары айтылууда.        Ошондой эле Ак үй менен Көк үйдөгү айрым төбөлдөр жакынкы күндөрү орун которушат деген чындыкка жакын кеп бар.

Мунун баары элдин турмушун оңдоо үчүн эмес, парламенттик шайлоодо бийликтин партияларына арбын добуш алуу далалаты экендиги өкүндүрөт.
Өткөн жумада Нарын облусунун башчысынын биринчи орун басары алмашкан.
Андан мурунураак дал ошол бийликчил партиянын депутаттыкка аттанып жатышкан болочок талапкерлердин талабы менен район акимдери алмашкандыгын айтышууда.

Өлкө башчысынын алдыдагы шайлоодо административдик ресурс колдонулбайт деген сөзү арык аттап, суу кечпейт шекилди.
Анткен менен азыр административдик ресурс колдонуу алда канча кооптуу болору талашсыз.
Артык кылам дешип , тыртык кылышпаса эле болду…

If you have found a spelling error, please, notify us by selecting that text and pressing Ctrl+Enter.