2020-жылдын 14-февралынан 17-февралына чейин жаап өткөн жана күтүлүп жаткан жаан-чачынга байланыштуу Кыргызстандын тоолуу райондорунда, Бишкек-Ош автоунаа жолунун Төө-Ашуу, Ала-Бел ашуусу, Чычкан капчыгайы, Мырза-Аке-Кара-Кулжа-Алайкуу автоунаа жолунун 45-115 чакырымдарында кар көчкүсү түшүүсү мүкмүн. Бул тууралуу ӨБКМдин маалымат кызматы билдирди.

Ошондой эле Ала-Бука-Каныш-Кыя автоунаа жолунун Чапчыма ашуусунда, Красная Горка-Ак-Таш автоунаа жолунун 1-4 чакырымдарында кар күрткүсү жана кар көчкү түшүү коркунучу сакталат, жолдор тайгак болуп муз тоңот. Унаалардын ортосундагы 500 метр аралык кыймыл чектелиши зарыл.

Мындай туруксуз аба ырайы энергетика жана коммуналдык кызматтардын ишин жана жайлоолордо малды кармоону кыйындатат.  Катуу жаан жааган убакта автожолдордо көрүү аралыгы төмөндөп, автоунаалардын кыймылдоосун кыйындатат. Электр зымдарга суу кар жабышып үзүлүү коркунучун алып келет.

If you have found a spelling error, please, notify us by selecting that text and pressing Ctrl+Enter.