Ар бир адамдын тандап алган кесиби ардактуу эмеспи. Кээде бий өнөрү жөнүндө сөз болгондо, Кыргыз бийи эске түшөт. Ошол бий өнөрүндө жүргөн инсан жөнүндө сөз кылгым келди. 85 жаштын астанасын аттаган Бегалиев Асылбек Рахман уулу ушу кезде 72 жылдык эмгек тажырыйбасын бүтүндөй бийге арнап, тынбай эмгектенип келе жатканына таң берип аңгеме дүкөн курган элем. Эмесе ошол аңгемени сиздерге тартуулайын.

– Агай, сизди тааныганыма 48 жыл болуптур, телефон менен ал акыбылды сурашканыбыз болбосо жолугушпай да кеттик. Алгач  өзүңүз жөнүндө өткөн күндөрдөн кыскача эскере кетсеңиз?

– Кайнарбек иним, жолугалы дегениңе сага ыраазычылыгымды билдирем. Сурооңо жооп катары өткөн күндөрүмдөн бир аз эскерсем, мактана турган деле балалыгым болгон жок. Балалыгым азаптуу күндөр менен коштолду, ымыркайымда атадан эрте ажырап, жетимчилик баштан ѳттү. Эс тартканымда, 1941-жылы калабалуу кан күйгѳн апааттуу Улуу Ата-Мекендик согуш чыкты. Өгѳй атам согушка кетип, үйдѳ чиедей үч баласы менен апам калды. 1942-жылы жатындаш бир тууганымдын бирѳѳсү каза болду. 1943-жылы апам -Үпѳл 37 жашында ачкалыктын айынан ооруп, каза болду. Иним Эсенгелди экѳѳбүз томолок жетим калдык. Ошентип ата-энеден эрте ажырап, бир тууганым экѳѳбүз асыранды болуп чоңойдук. Мени Баш-Карасуу айылына Бегалы чоң атамдын кичи балдызы Огомбай кызы Шарипанын үйүнѳ алып кетти, Эсенгелдини болсо Сарбан айылындагы ѳгѳй атам Белектин эжеси Мария деген колуна алды. Ал жерде жашап жүргѳнүмдѳ, чоң атамдын кызы Асылкан: «Тѳркүнүмдѳн калган жалгызымды «жыт кылып ѳзүм багам, ѳзүм чоңойтом» деп келип, Баш-Карасуудан Кызыл-Аскерге алып келди. Айылда ѳскѳн жаным, ар улуттун элдери аралашкан жерге кѳнбѳй айылымды эстеп, сагынып, ыйлап жүрүп араң кѳндүм. Ошол жылы күзүндѳ окуу башталды, 2 – класста окуп калгам. Мугалим эже окугандарды каттап жатат, ата ысымым менен атымды сурап калды, «Асылбек» дедим. Бир бала: «Калп айтат, эже! Мен кошуна жашайм, аты Алтынбек, фамилиясы Бегалиев – кулактын тукуму» деп калды. Эжебиз ошол жерден ата, энемдин бары жогун сурап, кимдикине жашаарыма чейин тактады. Суроосуна жооп бере, «Асылкан апамдыкында жашайм» десем. Балдар дагы күлүп, «Калп айтат, жетим бакма бала» – дешип чурулдап жиберишти. Менин ызалаганымда байкаган эже, эркелетип соороткондой мамиле кылды: «Фамилияңды Бегалиев деп коёлу, атыңдычы?» дегенде, «Асылбек» дедим. Эже дагы: «Эмнеге Алтынбек эмес?» дегенине. «Балдар «кыз, кыз, алтын, алтын» деп шылдыңдай беришет» десем, отурган балдар дагы дуу күлүп жиберишти. «Болуптур, алтын болбосоң, асыл бала бол жолдош Бегалиев Асылбек!» – деп, окуучулардын тизмесине эч кандай документтим жок эле каттап салды.

– Мен Т.Сатылганов атындагы филармониянын эки жылдык эстрадалык студиясында окуп жүргөнүмдө, сизден эки жылдай бий өнөрүнөн сабак алып калбадымбы, ушул бий өнөрүн тандап алганыңыз жөнүндө айта кетсеңиз?

– Бала кезден эле окууга болгон дитим чоң болду. Кудай-таала өмүрүмдү бий өнөрүнө байлап койгон экен. Бий ѳтѳ татаал искусство экенин балалык убагымда кайдан билем, бирок окуп калдым. Окуу жайда 7 бала, 17 кыз балет классында окуйбуз. Балет десе эле көбү жылаңачтанып алып бийлешет деп түшүнүшөт, балет бул бир чоң окуяны баяндаган музыкалык жанр. Музыка коштоп, музыка менен кошо окуя жүрүп турат, музыканы бир аз эле укпасаң ритмден чыгасың, кѳрүүчү сенин бийиңди ритмсиз жакшы кабыл албайт, андан башка шеригиңди бушайманга саласың. Мен бийчиликте окуп жүргөнүмдө, окуган кыздардын арасында Инга Левченко деген бар эле. Кийин ал Москвадан жогорку окуу жай – ГИТИСти бүтүрүп, балетмейстер-мугалим болуп Кыргыз опера жана балет театрына келди. Эмгек жолум 1951-жылдан башталып, опера балет театрында спектаклдерге катышып, иш тажырыйбам күндөн-күнгө арта берди. Алгачкы бийден иштеп тапкан биринчи айлыгыма апама маасы, кѳлѳч, чоң жоолук алып бергеним эсимен такыр кетпейт.

– Алгачкы эмгек жолуңузду опера балет театрында баштаптырсыз, кимдер менен чогу иштедиңиз, ушу кезде кандай ийгиликтерге жетиштиңиз?

– Алгачкы устатым, атактуу улуу талант Бүбүсара Бейшеналиеванын классында тарбия-таалим алдым. Ал тургай ар кайсы балеттердин массовкаларында ѳз устатым менен бирге бийлеген күндѳрүм да болду. «Травиатта» спектаклинде Бүбүсара эже жана кадимки Махмуд Эсенбаев менен бирге бийледим. Советтик Армиянын катарына чакырылганымда, Чита шаарында аскердик милдетимди ѳтѳп жүрүп Орто Азия аскер округуна которулдум. Бир жылдан кийин Чымкент шаарындагы авиациалык аскер полкуна которулуп, ал жерде аскер бий ансамблин түздүм. 1957-жылы Казакстан республикасынын ѳздүк кѳркѳм чыгармачылыгынын кароо-конкурсунда «Мерген» деген бийди жеке бийлеп, лауреат болуп жатпайымбы. Ошондо Кыргызстандан барган искусство чеберлери, «сен бул казактардын арасында эмне кылып жүрѳсүң, ѳзүңдүн кыргызың турса» дешип, мени ошондо Кыргызстанга чакырышкан. Ошол жылы, жай айларында мен жетектеген бий ансамбли Москвада ѳткѳн Бүткүл дүйнѳлүк жаштардын жана студенттердин IV фестивалында катышып, бий ѳнѳрү боюнча Казакстандын лауреаты болуп, андан тышкары СССРдин бир канча шаарларына концерт тартууладык. Казакстанда жүргөнүмдө жогоруда айтылган сөз менин жигиттик намысымды ойготту көрүнөт. 1957-жылы ѳз эл-жериме кайтып келип, Т.Сатылганов атындагы филармонияда жаңы түзүлгѳн Мамлекеттик элдик бий ансамблине солист болуп ишке алындым.

1958 жылы Москвада ѳткѳн Кыргыз адабиятынын жана искусствосунун он күндүк декадасына катыштым. Ошол эле жылы Кыргыз Элдик бий ансамбли Омск шаарынан тарта Владивостокко чейин бир айлык гастролдо болуп, кыргыз искусствосунун кесиптик бий ѳнѳрүн тартууладык. 1967 жылы, II Бүткүл Союздук шайырлардын конкурусуна (маданий уюштуруучулар) катышып, лауреат болдум. СССРдин эл артисти И.А.Маисеевдин жетекчилигинде ѳткѳрүлгѳн элдик бий топторунун Бүткүл Союздук кароо-сынак конкурусунда кыргыз бий тобунун коючу-балетмейстери болдум. 1974 жылы Москвада ѳткѳн Союздук республикалардын мектеп окуучуларынын ѳздүк-кѳркѳм бий топторунун кароо-сынагынын балетмейстери, Кремелдин Съездер Сарайында СССРдин 60 жылдык юбилейлик чоң гала-концертинде катышуучу катары – Кыргызстандын концерттик программасынын коючу-режиссеру, кѳркѳм жетекчиси, балетмейстери болдум. 1959 жылы Мамлекеттик элдик бий ансамблин жетектеп, искусство залкарлары: С.Кийизбаева, К.Чодронов, А.Мырзабаев, С.Токтаналиев жана башка ѳнѳрпоздор менен Монгол Элдик Республикасында эки айлык чыгармачылык гастролдо кыргыз искусство – маданиятын чет ѳлкѳгѳ таанытып кайттык. Андан кийин маданият тармагынын ар кандай кызматтарында иштедим. 1961жылы Маданият министрлигинин буйругу менен А. Малдыбаев атындагы опера жана балет театрына, балет артисти болуп которулуп, 1963 жылга чейин иштеп, 1963 – жылы Эл чыгармачылыгын республикалык үйүнүн хореография бѳлүмүн жетектедим. М.Күрѳңкеев атындагы музыкалык-хореографиялык окуу жайында, Т.Сатылганов атындагы филармониянын концерттик бѳлүмүн жана жаңы уюшулган эки жылдык эстрада-фольклордук студиясын жетектеп, ушу күндѳ окутуучулук кесибимди аркалап, нечендеген жаш бийчи муундарды, артистерди даярдап тарбия берип келе жатам.

– Эмгек жолуңуз бий менен башталыпыр, бийи жөнүндө сөз козгойлу. Алгачкы кыргыз бийи качан башталган жана ага алгач чыйыр салган адамдарды кошо айта кетсеңиз, кимдер болду эле?

– Жакшы суроо болду, көптөрү ушул жөнүндө таптакыр сөз кылышпайт. «Кыргыз бийи» деген китеп чыгыптыр, ал жерде таптакыр кыргыз бийине тиешеси жок адамдар кирип калган. Кыргыздын элдик фольклордук бийи жөнүндө сөз кылышы керек эле, андай жерин ал китептен таптакыр жолуктура алганым жок. Илгери ушул эле Чоң Алыш деген жерде Алтымыш деген бийчи комуздун коштоосунда «Бакшы бий» деген бийди бийлечи экен. Ал бийлегенде боз үйдүн керегеси менен түндүккө чейин чыгып, кайра жерге түшүп, укмуштуудай кыймылдарды жасап, качан гана комузчунун комузунун кыл үзүлгөндө токтотчу экен. Ал эми Совет доорундагы Кыргыз бийине келсек, алгачкы чыйыр салып негиздөөчүлөрдүн бири Гофман деген хореограф болгон. Ушул адамдын алгачкы демилгеси менен Кыргыз бийи башталат, анын жолун уланткан Изебаев Абдыбакир болду. А. Изебаевдин Кыргыз бийине эмгеги зор десем аша чаппасмын. Анын сунушу аркылуу кийинчирээк Кыргыз бийи ансамбли түптөлүп, аны жетектеген балетмейстирлер – Н. Тугелов, С. Кабеков, Т. Шаршеев, Табытаев, М. Асылбашевдер болушту. Булардын ичинен А. Изибаевди баса айткым келет, себеби анын эмгектери мактоого татырлык. «Манас – 1000» де А. Изебаев, «Кыргыз бийи бийлениши керек» деген маселени көтөрүп, алгачкы демилгечи болуп, бул демилгени Маданият министрлиги колдоого алып, ага жетекчи издешип калганда А. Изебаев «жетекчиликке А.Р.Бегалиев жарайт» деп мени сунуштайт. Ошондо мага тапшырылган ишти жоопкерчилик менен аткарып, 700 баладан турган бий ансамблине жетекчилик кылдым. Ал адамдын сунушуна да себеп бар эле. 1980-жылы мен жетектеген Кыргыздын ыр-бий ансамбли Союздун убагында Москвалык балетмейстер И.В. Годенко менен бүткүл Союздук бий ансамбль менен бирге иштешип, олимпиадачыларга бир канча бийчилерден турган чоң программадагы концерт туртуулаганбыз. Ошодон тарта Республикалык кандай гана чоң иш-чаралары болбосун, жооптуу концерттик программалар болбосун Маданият министрлиги мени ар кылдуу талант дешип, коючу режиссер, биринчи маданий уюштуруучу катары тааныша турган. Алардын айтуусунда «А. Бегалиев суроо-талаптарды жооптуу жана жогорку деңгээлде аткарат» дешип мага көбүрөөк тапшырып калышкан. Дегеле, Кыргыз маданиятына жана кыргыз бийин улантуучу катары үлүшүм бар деп айтсам ашыктык кылбайт, ошо кездин болгон чындыгы. Кошумча айта кетүүчү нерсе, Республикада алгач «Балл бийлери» конкурсу болуп, ушул конкурста «Ай эжеке» деген 6 өнөктөн турган бийдин коючусу болгом, ошо күндөн баштап Кыргыз бийи «Баллдык бийлер» арасына кошулуп келатат.

– Кыскасы, «Кыргыз бийлери», «Балл бийлири» дегендин баштоочуларынын бири деп айтсак жарашат экен да?

– Кандай айтсаңар да чындык, эмгегим бар.

– Союз убагында Республиканын ар кайсы райондорунда ыр-бий ансамблдери абдан жайылып кетпедиби, ошого эмне себеп болду эле, кыскача гана токтолсоңуз?

– Ал кезде Маданият министри Күлүйпа Кондучалова эле. 1971-жылы, Маданий министрликтин буйругу менен мени министрликтин аппаратына которушкан. Анда менин аткара турган кызматыма дагы, республикалык маданият кызматкерлеринин билимин ѳркүндѳтүү боюнча курстун жетектѳѳ милдети жүктѳлгөн болчу. Ѳлкѳбүздѳгү маданий очоктордун жетекчилери, райондук маданият бѳлүм башчыларынан баштап айылдык клуб, китепкана, эс алуу парктарынын жетекчилерине чейин он күндүк, бир айлык практикалык-методикалык семинар-кеңешмелерди байма-бай ѳткѳрүү болду. Министрликтин аппаратында дагы жооптуу бир кызмат мага жүктѳлдү, анда тапшырылган жооптуу милдеттин ѳтѳсүнѳ чыгыш керек болду. Ар кайсыл райондордун ѳздүк кѳркѳм чыгармачылыктарын түзүүдѳ, ѳзүмдүн кѳп жылдык тажырыйбамда ыр-бий ансамблдерин уюштуруу колумдан келерине кѳзүм жетти. Ошентип, жер-жерлерде ыр-бий ансамблдерин түзѳ баштадым, ар бир район ыр-бий ансамлдерин ѳзүнчѳ атап алышты. Бул тажырыйбам бүтүндѳй республикабызга тарап, биринен кѳрмѳкчү, экинчисине ѳтүп кеткен. Ошондон улам областык, райондук жетекчилер Маданият министрлигин аттап ѳтүп, түздөн-түз Борбордук Комитетке чейин кайрылып, мени жер-жерлерде ыр-бий ансамблдерин түзүүгѳ жардам берүүсүн ѳтүнгѳн кайрылуулар күчөп кеткен.

– Сөзүңүз кур болбосун, так маалыматтарды келтире кетсеңиз?

– 1978-жылы, Ысык-Кѳл обласынын Чолпон-Ата шаарында түзүлгѳн «Ак Куу» ыр-бий ансамбли, 1980-жылы Москвада ѳткѳрүлгѳн «Олимпиада – 80» аттуу, курамы 130 кишиден турган бийчилердин кѳркѳм жетекчиси болдум. 1982-жылы, Талас обласынын Кара-Буура ройонунун фольклордук «Жылдыз» ыр-бий ансамбли, Бакай-Ата районунун Чалдывар 8 жылдык мектеп-интернатында республикада биринчи болуп түзүлгѳн балдардын «Бүчүр» ыр-бий ансамбли. 1983 жылы, Ош обласынын Совет районунун элдик фальклордук «Тоо-Булагы» аттуу ыр-бий ансамбли. 1984-жылы, Чүй обласынын Кара-Балта шаарынын «Гүл Ѳмүр» аттуу фальлордук ыр-бий ансамбли. 1987 жылы, Нарын обласынын Кочкор районунун «Шаттык» ыр-бий ансамбли. 1997- жылы, Аламүдүн райондук «Арашан» аттуу тобу. 2003-жылы, Баткен обласынын юбилейине арналган кѳлѳмдүү, сюжеттүү, театрлаштырган майрамдык оюн-шоок концерттерине бүтүндѳй коючу-балетмейстердик, режиссерлук кызматтарды ѳтѳдүм. Борбор калаабыздын кѳптѳгѳн оюн-зоок программаларына режиссердук кылдым. Мындан башка, «Бий жетекчилерине жардам», «Бий коюнунун ыкмалары», «Кече бал бийлери» аттуу китептеримди, маданият очокторуна арналган эмгектерди жаздым.

– 70 жылдан ашык өмүрүңүздү Кыргыз маданиятына арнаптырсыз, анын ичинде аркалаганыңыз бий өнөрү экен, сиздин ушунчалык эмгегиңизди баалап мамлекеттик наамдардан бериштиби?

– Мен ѳзүм наам үчүн үзүлүп, жулунуган жан эмесмин. Кээ бирөөлөр барго, мен минтип койдум, антип койдум, тигинтип койдум деген. 70 жыл бою тынбай эмгек кылып келдим, мага бул наамды бергиле деп эч бир мекеменин эшигин жыртканым жок. Эки жолу КР Жогорку Советинин Грамотасы, 1971-жылы Юбилейдик медаль, 1984-жылы СССРдин Эл агартуу отличниги, 1985-жылы Маданияттын эмгек сиңирген ишмери, 1988-жылы СССР жана ВЦСПСтин Маданияттын отличниги, 2005-жылы Маданияттын эң мыкты кызматкери деген медалын беришти.

– Азыр, маданиятка опол тоодой сиңирген эмгектер сыртта унут калып, көңүлдүн баары популярдуулукка багыт алып, наамдарды берүү, алуу жагы жеңил-желпи, оңду, солду болуп жең учунан чечилип жатат дегендер көп да. Калк айтса, калп айтпайт демекчи, буга оюңуз кандай?

– Суроону абдан туура бердиң. Башкаларын билбейм, мен өзүмө байланышканды эле айтайын, маданият тармагында ушунчалык көп кызмат өтөдүм. Мен ишенчээк адаммын, адамда капачылык кайдан пайда болот? Капа болгонум, мага наам жѳнүндѳ бир канча жолу «Кайрылуу» каттар Маданият министрлигине жолдонду деп айтышты, мен ишенип жүрө бердим, бирок бирда жолу жооп ала алганым жок. Айтышып койгондон кийин үмүттѳнѳт экенсиң. Акыркы 27 жыл ичинде Маданият министрлиги эки жолу кыскарылды, бул тарых, ушул жылдар арасында ого эле кѳп министрлер алмашты. Менин эсимде жүргөн болгон ишти эле айтайын, Кыргыз Республикасынын маданиятына эмгек сиңирген ишмер Мелис Шаршенбаев бир чоң жыйында айтып маселе көтөрүп, сунуш киргизди. Анын айтуусунда, «Күлүйпа Кондучалова узак жылдар бою Маданият министрлигин жетектеп, кандай гана ийгиликтерди жаратпады. Ушу адамга «Эл баатыры» деген наамды эмнеге ыйгарбайбыз» деген. Мына ушул эжеге пенсияга чыкканындан 30 жылдан кийин эстешип, ошондо да талаш-тартыш болуп жатып «наамды» араң беришпедиби. Ал адамга ушундай мамиле жасап жатканда, Асылбек Бегалиевди кайдан ойлосун деген ой келбей койбойт экен…

Ушул маектен кийин, айта турган ой. Чагылгандай чарт этип чыгып, кайра кыска мөөнөттө жалп этип өчүп калган популярдуу ырчылык менен маданиятка узак жылдар бою эмгек кылган адамдын асман менен жердей айрымасы бар экенине ынандым. Кыска мөөнөттүн ичинде ар кандай наамдарга жетип жаткандарга салыштырмалуу, маданиятка 70 жыл бою узак эмгек кылып келген инсан Асылбек Рахманович Бегалиев унут калып баратканы, албетте жакындан билген адамдарды таң калтырбай койбойт. Асылбек Бегалиев агай кутман куракка келсе дагы, али сынынан кетпей, кубаттуу, эрктүү, эмгекчил экенине баа жок, дагыда эмгектенип жаткан кези. 85 жашка келгенине карабастан, ушул кезде да жаш балдар менен стдунттерге эстетикалык рахат тартуулап, бий сабагынан сабак берип келет. 70 жыл бою тынбай кыргыз маданиятына сиңирген зор эмгегин баалап, Өкмөт жана Маданият министрлигик Асылбек Рахманович Бегалиевдин көзүнүн тирүү кезинде «Кыргыз Республикасынын эл артисти» деген ардактуу наамды ыйгарышса, нары өрнөктүү да, үлгүлүү да болор эле деген ойду айткым келди. Мындай узак – 70 жыл бою бий өнөрүн аркалап, маданият тармагында үзгүлтүксүз, үзүрлүү эмгектенип келген Кыргыз республикасында жападан жалгыз адам Асылбек Бегалиевдир, а балким дүйнө жүзүндө жалгыз болуп жүрбөсүн…

Сөзүмдүн соңунда, Асылбек Рахманович Бегалиев агайдын агайдын үй-бүлөсүнө, өзүнө ден соолук каалоо менен бирге үмүттүү ойлор менен аяктагым келди…

Кайнарбек Бийлибаев