Орусиялык нефть иштетүүчү заводдордун продукциясына экспорттук бажы пошлинасынын алына баштаарына байланыштуу бензин дагы 1,3-1,7 сомго кымбатташы күтүлүп жатат. Бул тууралуу Кыргызстандын нефтетрейдерлер союзунан билдиришти.

Сентябрь айынан тарта жергиликтүү нефтетрейдерлер күйүүчү майды пошлина менен ала башташат. Мындан улам Орусиядан товарга буюртма берип жатканда ар бир тоннасына 19,3 доллардан кошулат.

“Беш жылдан бери Орусия тарап пошлинасыз берип жаткан күйүүчү майдын көлөмү өзгөрбөй келет. Ошол эле учурда биздин өлкөдө бензинге болгон суроо-талап жыл сайын өсүп келе жатат. Муну көчөдөгү транспорттун көбөйүшүнөн эле байкаса болот. Өкмөттөр аралык сүйлөшүүнүн негизинде Кыргызстанга деп бөлүнгөн көлөм август айында эле колдонулуп бүтүп калды”, — деп айтылат билдирүүдө.

Мындан улам нефтетрейдерлер Энергетика жана өнөр жай министрлигине индикатордук баланста нефть продуктуларынын көлөмүн көбөйтүү өтүнүчү менен кайрылган.

 

If you have found a spelling error, please, notify us by selecting that text and pressing Ctrl+Enter.