Экономика жана коммерция министрлиги күйүүчү майлоочу майдын баасына мамлекеттик көзөмөл киргизүүнү сунуштап жатат. Бул тууралуу токтом долбоорун коомдук талкууга алып чыкты. Министрлик көзөмөлдү дизелдик отун жана Аи-80, Аи-92 маркасындагы бензинге киргизүүнү көздөөдө.

Баага болгон чек республикада өзгөчө кырдаал жарыяланган учурда киргизилет жана 90 күнгө коюлат. Токтом долбооруна ылайык, баа 20% өсүп кеткен учурда мамлекет майдын баасын өзү аныктайт. Министрлик учурда мындай кымбаттоо жок экенин билгилеген.

Кыргызстандын нефтетрейдерлер ассоциациясы жакын арада Аи-92 үлгүсүндөгү бензин 7 сомго, дизелдик май 12 сомго чейин кымбатташы мүмкүн экенин билдирген. Буга дүйнөдө мунайдын баасынын өсүшү жана эл аралык рыноктогу тартыштыктар себеп экени айтылган.

 

If you have found a spelling error, please, notify us by selecting that text and pressing Ctrl+Enter.