Мындан саналуу күндөр мурдараак, Белорусиянын ММКлары Кыргызстандын  мурдагы премьер- министри Данияр Усөновго окшош Даниил Урицкий деген адамды жарыя кылышкан болчу. Бишкектеги анын бир кездеги жакын адамдары да ал кишинин Данияр Үсөновдун өзү экенин айтышкан.

Андан соң Кыргызстандын башкы прокуратурасы Беларусияга ысымын Даниил Урицкий деп өзгөртүп алган Данияр Үсөновду издөө жана кармоо суранычы менен кайрылган.

Кыргыз тараптын өтүнүчүнө Беларусиянын Башкы прокуратурасы 2018-жылдын 6-мартында баш тарткандыгы тууралуу Кыргызстандын аталган башкы көзөмөл органы билдирүүдө.

Башкы көзөмөл органы учурда дагы Үсөновду экстрадициялоо боюнча сүйлөшүүлөр уланып жатканына ишендирүүдө.

Эске сала кетсек, Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги өлкөнүн мурдагы премьер-министри Данияр Үсөновдун Даниил Урицкий деген ысым менен чыгып, Беларус мамлекетинин расмий бийлик өкүлдөрү менен чогуу коомдук иш-чараларга катышып жүргөнү боюнча Минскке нота жөнөттү.

Данияр Үсөнов Кыргызстанда 2010-жылдын апрелиндеги элдик толкундоонун катышуучуларына каршы кылмыштары үчүн айыпталып, сыртынан өмүр бою абак жазасына кесилген. Кыргызстандан кеткенден бери Үсөновдун сүрөтү эч жерде чыккан эмес.

Эгерде сайттан катачылык тапсаңыз, текстти тандап, Ctrl+Enter баскычтарын басып, бизге жөнөтүнүз