Белгилүү комузчу Руслан Жумабаев 45 жаш курагында дүйнө салды. Анын кесиптештеринин маалыматына караганда, ал кечээ, 10-сентябрда Бишкек шаарындагы ооруканада көз жумган. Комузчу буга чейин бөйрөгү ооруп, аталган оорукананын жандандыруу бөлүмүндө даарыланып жаткан.

Жумабаев “Ордо Сахна” тобунда, Улуттук филармониянын Карамолдо Орозов атындагы эл аспаптар оркестринде, мэриянын алдындагы эл аспаптар оркестринде комуз чертип, Калый Молдобасанов атындагы улуттук консерваторида сабак берчү.

2016-жылы II Көчмөндөр оюндарынын ачылышында 1000 комузчунун башында туруп, Атай Оганбаевдин  “Маш ботой” күүсүн черткен.

 

 

Эгерде сайттан катачылык тапсаңыз, текстти тандап, Ctrl+Enter баскычтарын басып, бизге жөнөтүнүз