Орусиялык белгилүү гимнаст Алина Кабаева 7-майда эгиз уулду болду.

Чет элдик маалымат каражаттары жазып чыккандай, Кабаева Москванын эң престиждүү клиникаларынын биринде көз жарган. Ошол күнү аталган төрөтканада жалгыз гана Кабаева төрөп, калган аялдар башка ооруканаларга жөнөтүлгөн.

Белгилей кетсек, Алина Кабаева орус президенти Владимир Путин менен жакын мамиледе экени массалык маалымат каражаттарында жана социалдык тармактарда көптөн бери айтылып келет. Бирок мындай маалыматтарды Путин дагы Кабаева да четке кагып келет. Бир учурда алардын байланышы тууралуу жазып чыккан “Московский корреспондент” гезити ошондон кийин өз ишин токтоткон.

Эгерде сайттан катачылык тапсаңыз, текстти тандап, Ctrl+Enter баскычтарын басып, бизге жөнөтүнүз