Аргентиналык футболчу Диего Марадона Буэнос-Айрес аба майданында кармалды. Бул тууралуу “The Sun” басылмасы жазып чыкты.

Белгилүү футболчу аэропортто кармалды

Маалыматка ылайык, 58 жаштагы атактуу футболчуну мурдагы ашыгы Росио Олива сотко берип, 5,5 миллион доллар өндүрүп берүүнү талап кылган.  Аталган  иш боюнча соттук териштирүү 13-июнда карала турган болду.

Белгилей кетсек, Диего Марадона Аргентина курама командасында ойноп, 1986-жылы дүйнө чемпиону болгон. Атактуу футболчу “Барселона”, “Наполи”, “Севилья” клубдарынын атынан да ойноп келген. ФИФА тарабынан XX кылымдын эң мыкты футболчусу да аталган.

If you have found a spelling error, please, notify us by selecting that text and pressing Ctrl+Enter.