УКМКнын төрагасы И. Кадыркуловдун биометрикалык паспортторду даярдоодогу күмөндүү иштер боюнча байланышы бар экендиги маалымат каражаттарында айтылып жатат. Биз, парламент буга көңүл бөлбөсөк болбойт. Коомчулукта бизге терс баа берет. Мындай пикирин депутат Дастан Бекешев Жогорку Кеңештин жыйынында айтып чыкты.

Бекешев: “Биз бул иш боюнча депутаттык комиссия түзүп, бир топ маалыматтарды ачыкка чыгаруу керек. Андай маалыматтар бар. Комиссия түзсөңөр бир топ маалыматтарды беребиз дегендер болуп жатат”,-деди.

Эгерде сайттан катачылык тапсаңыз, текстти тандап, Ctrl+Enter баскычтарын басып, бизге жөнөтүнүз