Жүргүзүлгөн ыкчам иш-чаранын жыйынтыгында, Ыкчам бажысынын контрабандага каршы күрөшүү бөлүмүнүн кызматкерлери Ош областынын Ноокен районуна караштуу Көк-Жар айлында Ы.Б.А. аттуу жарандын башкаруусундагы “Мерседес-Бенц 412” үлгүсүндөгү автоунааны токтотуп текшерүүгө алышкан. Бажыдан алынган маалыматка караганда, автоунаанын жүк бөлүгүн текшерген учурда чектеш мамлекеттен мыйзамсыз ташылып келе жаткан 140 коробка, ар бир коробкада 5600 блок, жалпы 168 000 пачка “Orbit” маркасындагы сагыз табылган.

Айдоочу ЕАЭБтин бажы аймагына ташып келе жаткан жүк мыйзамдуу экенин тастыктаган бажыга тийиштүү бир дагы документ көрсөтө алган эмес. Эксперттин берген корутундусуна ылайык кармалган товардын орточо базар баасы 3 024 000 сомду түзөт.

Бул учур Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине каталып материалдар тергөөгө караштылуугу боюнча Ош облустук прокуратурасына өткөрүлүп берилди.

If you have found a spelling error, please, notify us by selecting that text and pressing Ctrl+Enter.