Жалал-Абад облусунун Базар-Коргон районундагы Чоң-Ак-Булак айылында жер көчкүгө жакын жайгашкан турак-үйлөрдүн жашоочулары коопсуз жайга көчүрүлдү.

Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалымат кызматынан кабарлагандай, 18-апрель күнү Чоң-Ак-Булак айылында жер көчкү сүрүлүп Ак-Булак суусуна жетип калган.

Жер көчкүгө жакын жайгашкан 7 турак үйдүн жашоочулары туугандарынын үйүнө убактылуу көчүрүлгөн. Учурда тактоо иштери жүрүп жатат.

Эгерде сайттан катачылык тапсаңыз, текстти тандап, Ctrl+Enter баскычтарын басып, бизге жөнөтүнүз