Сөз өнөрүнүн төрөсү төкмөлүк. Капилеттен сөздү таап, турган жеринен уйкаштырып төгө билген талант кыргыз менен казакка гана таандык. Анан калса бул өнөр да ар кимдин эле шыбагасына буйура бербейт десек болот. Дүбүртү алыстан чыгып, калың элдин катмарына сиңип келе жаткан жаш төкмөлөрдүн сап башында Баян Акматов турат. Төкмө акын болууну балачагымдан кыялданчумун деген каарманыбыз менен маданияттын күнгөй-тескейи, өздүк чыгармачылы тууралуу кеп кылдык.

Карантинде эмне менен алек болуп жатасыз? Чыгармачылыкка бөлүнгөн убакыт кеңири болуп жатса керек?

 – Абдан жакшы суроо. Чынында айылда кенен бир убакытта жүргүм келчү. Мынтип ошол ойлогонум ишке ашты. Кайырмагымды көтөрүп алып балыкка бардым. Волейбол ойнодум. Ырларды жаздым, сүрөт тарттым. Эңсеген адамдар менен дидарлаштым. Негизгиси арманым жок. Кудайга шүгүр!

Баян Акматов: "Ырларымды телерадиолор албай койгондон соң көңүлүм калды"

Эл сизди негизи төкмө акын катары тааныйт. Аткаруучулук, обончулуктан сырткары эл билбеген кандай таланттарыңыз бар?

 – Туура айтасыз, эл мени көбүнчө төкмөлүгүмө басым жасайт. Ал эми эл көп билбеген дагы бир өнөрүм сүрөтчүлүк. Менден чоң сүрөтчү чыкса керек эле деп ойлойм. Мындайча айтканда кыл калем менен боёкторду кармап төрөлгөн баламын десем жаңылышпайм. Атам Өмүрбек чоң сүрөтчү. Нарын драма театрында ж.б жерлерде иштеди. Май боёктун жыты менен дүйнөлүк сүрөтчүлөргө арзып чоңойдук. 1-классымда Нарын шаардык√9-мектепте сүрөт тартып сыйлык алдым. Эң алгачкы алган сыйлыгым ошол болду. Бардык өнөрлөрдүн төрөсү сүрөтчүлүк деп түшүнөм. Себеби сүрөтчү адам ырдайт, бийлейт, сүйлөйт, алысты көрөт, комуз чертет, актёр, топ ойнойт. Айта берсе көп. Бул жагынан Сүймөнкул Чокморов экөөбүздү мисалга алсаңар болот. (күлүп)

Баян Акматов: "Ырларымды телерадиолор албай койгондон соң көңүлүм калды"

Төкмө болуп төрөлүү керекпи же үйрөнүп алууга болобу?

 – Төкмө болуп төрөлүү дагы үйрөнүү дагы эмес, тарбиялануу керек. Төкмө болчу адамдардын алгачкы симптомдору жамакчылык ошол жамакчылыкка баатырдыкынан ашып түшкөн жүрөк зарыл. Себеби мен баатыр деген адамды эл алдына алып чыксаңыз атын унутуп калышы мүмкүн. Анан албетте бул өнөрдөгү инсандарды асырап багыш керек. Мамлекет, эл, жубайы. Мамлекет деген себебим акындын жүрөгү мамлекетке байланган. Эл кыйналса кошо кыйналат, кошо ыйлайт. Азыркы “Айтыш коомдук фондунун” иши мамлекет жасачу жумуш болчу. Ар бир акынга айлык төлөнүшү сөзсүз зарыл. Көр турмушуна бир назар салбай, көзү өткөндө көк букача өкүргөндүн эмне кереги бар? Казакстанда жылына жүздөгөн айтыштар өтөт, ал эми бизде бир айтыш өтсө өттү, өтпөсө жок. Айтыш өтпөсө жаңы жүздөр кайдан чыгат? Элдин аң сезими дагы башкачараак. Сыйлап эмес сынап көрүү, улуу ойлор эмес кулак,мурун, сүйөм, күйөм деген айтыштарга басым жасайт. Балким замандын талабыбы ким билет. Мына аз убакыттын ичинде төрт акындан айрылдык. Акжолтой Канат уулу, Элмирбек Иманалиев, Зайырбек Ажыматов, Жолдубай Жапаров. Эң кейиткени мына ушулардын чекесин мамлекет жылыта алган жок.

Улуу өнөрдөгү устатым деп кимдерди эсептейсиз?

 – Устаттарым абдан көп, Арстанбек буйлаш уулунун өзүн көрбөсөм да сөзүн угуп устат туттум. Айылдан комуз үйрөткөн Төкү байке, өзүмдүн агам Апке. Кийин шаарга барганда Замирбек Үсөнбаевдин колунда беш жыл окудук. Жеңишбек Жумакадыр агай менен көп сапарда болдук. Ушул адамдардын бардыгына карыздармын.

Баян Акматов: "Ырларымды телерадиолор албай койгондон соң көңүлүм калды"

Алгач канча жашыңызда айтышка чыктыңыз?

 – Мен айтышка кеч чыктым. Себеби терме, санат, дастан, азыраак күүлөрдү үйрөнүп анан айтышка чыккым келчү. Комузум окшошпой же үнүм окшошпой кантип айтышка чыкмак элем. Алгачкы айтышка Акжолтой менен бардым көрүүчү катары, кийинкисинде сахнага чыктым. Эң алгачкы жубум Азамат Болгонбаев болгон.

Айтышта эсиңизде калган окуя болду беле?

 – Кайсы жылы экени эсимде жок, бир ирет сүйлөшкөн кызымды ээрчитип филармонияга айтыш көргөнү баргам. Майра эже табында сайрап турду го чиркин. Калк болсо Каркыранын күйүтүндө болчу. Ошондо Майра эже Каркыраны кайтарып бер деп ырдаганда ордунан ыргып туруп, көзүнөн жашын куюлтуп сүрөгөн кыргыз элин көрдүм. Айтыштын динамикасына оозум ачылып, жанымдагы кызыма кайра-кайра айтып, укчу деп кыйнайм десеңиз. Менин көзүм күйүп жанып айтыштын арасында турган маалда сүйлөшкөн кызым чарчап кеттим кетеличи десе болобу. Ошондо жинимдин келгени ал өзүнчө окуя. (күлүп)

Баян Акматов: "Ырларымды телерадиолор албай койгондон соң көңүлүм калды"Балачагыңызда чоңойгондо төкмө акын болсом деп кыялданчу белеңиз?

 – Кичинемде көп кыялданчу элем. Ашыраалы Айталиев “Карагул ботом” ырын боздосо берилип угуп, “Он үч жашар баланын арманын” сүйүп угат элем. “Ак мөөр”, “Курманбек” дастандары менен, Какен Алмазбековдун бир китебин жатка билчүмүн. Өзгөчө Какен атабыздын чыгармачылыгы мени акындык жолго сүйрөдү. Ал эми төкмөлүк деген терең деңиз экен, али да анын тереңине сүңгүй элекпиз. Ага да ар ким ар кандай көз караш менен карайт тура. Төкмө десе эле ыр төккөн адамды эстейбиз. Негизинен андай эмес деп ойлойм. Музыканын, спорттун, сүрөттүн, ж.б көп өнөрлөрдүн төкмөсү болот. Импровизация деген сөз эмеспи.

Акынга тагдыр керек, ошондо ал мыкты саптарды жаратат дешет, сиздин көз карашыңызда кандай? Чын эле тагдыр керекпи?

 – Бул тууралуу жиликтеп берчү адам жок болуп турат чынында. Менин көз карашымда мындай. Сөздүн өзү тагдыр менен арбашып, өлүм менен тирешип турат. Мисалы; Башыңа түшкөн балээни, оозуңан чыккан сөздөн көр. Ойноп сүйлөсөң да, ойлоп сүйлө. Сөзүң өлгөнчө, өзүң өлсүн. Айтылган сөз, атылган ок деген өңдүү. Айта берсе мындай накылдар өтө көп. Акындар сөзүнөн жаңылбайт деп ойлойбуз, бирок бардыгы жаңылат. Сөзүнөн өз тагдырын жасап алган учурлар абдан көп кездешет. Алсак Жеңижок атабыздын баласыз өткөнү, Коргоол атабыздын көзү көрбөй калганы сыяктуу окуяларды бир эске алалы. Бул окуялар ошол эле учурда болгон десек жаңылышабыз, азыр да болуп жатат. Кээ бир жазылган сөздөр, ырлар татаал тагдырды чакырып аларын акылдуулар бир анализге алып коюусу зарыл. Диндар адамдар акыйда маселеси тууралуу жакшы түшүндүрүп бермек.  Ырлар, сөздөр тагдыр маселеси же Аллахтын чек арасына өтпөгөн дурус.

Баян Акматов: "Ырларымды телерадиолор албай койгондон соң көңүлүм калды" 

“Апакем” аттуу ырыңыз элге бат сиңип, эл сүйгөн ырга айланды десек болот. Ушул ырыңыз жана жалпы эле чыгарган чыгармаларыңызга токтоло кетсеңиз.

 – “Апакем” сыяктуу ырларым абдан көп. Бул ырымды Кубаныч Алиев досумдун сунушу менен жазгам. Мынчалык барктуу ыр болоорун билбейт элем. Көрсө ыр бешиктеги баладай тура, бек болоорун же хан болоорун билбейт экенбиз. Бир жолу Ишен Назаров келди. “Бейиш деп сенин таманың, Белгилеп айткан пайгамбар”,- деген саптагы пайгамбар сөзүн алмаштырып бериңизчи деди. Себеби телерадиолорго мындай сөздөр жакпайт экен. Бир ырга эне баркын, аалам кадырын көтөргөн пайгамбар деген сөз кантип батпай калат деп кабыргам кайышты. Экөөбүз тең кеңештик, ушул бойдон калтырабыз. Пайгамбар деген сөз бар үчүн ушул ырдын кадырын жогору дедик да ошол боюнча аткарды. Айткандай эле жөнөкөй бир ресторанда эне менен баланын элжиреп, эрээркеп мээрим төгүшүп ыйлаган видеосу бул ырды хит кылып койду. Телерадиолор биздин чыгарманы өздөрү сурап алып коюшту. Угармандар ушул ырды эле сурап туруп алышса алып баруучу, диджейлердин айласы куруйт экен да. Мен эч бир ырымды жасап жазбайм, ар биринде өзүм жашайм. Ырларымдын көбү адамды эркинен чыгарып ыйлатып жиберет. Студент кезде комузумдун бир кылы үзүлүп калды. Анан аны домбрага окшотуп эки кылы менен чертип отурсам кайрыктар келди. Ошол кайрыктарды шөкөттөп, “Доско кайрылуу” деген ыр жаздым. Ал ырым дагы жашоосу талкаланган көп достордун көз жашын агызды. Кээ бири бөтөлкөсүнөн чыгып жашоосун оңдоду. “Кечиккен махабат” деген ыр жаздым. Ал ыр өзүмө айылдаш сулууга арналып чыккан. Азыр аны Элзар Өскөнбаева аткарып жүрөт. Андан соң пайгамбарыбызга ыр жазгым келди. Атын “Асылзат” деп койдум, Нарын драма театрында комуз менен жандуу аткарып бердим, залда чымын учпай жароокер нурлуу жүздөрүнөн жаш агызып олтурган ак жоолукчан апаларды, көз жашын элге көргөзүүдөн айбыгып, колдору менен жүзүн жаап ыйлаган аталарды көрдүм. Бишкектеги белгилүү бала бакчанын суранычы боюнча пайгамбарыбызга кайрылган бөбөктөрдүн батасын жазып бердим, ошол жазууну Ошто да пайдаланышыптыр. Бойтойгон кызыл көйнөкчөн кыз жандуу сүйлөп, төгүлүп ыйлап аткарыптыр. Аталар, апалар ажырашпасынчы деген жеринен өзү да өксүп ыйлап жибериптир. Ал видеону көрүп ютуб айдыңы бир толкуп ыйлады окшойт. Менимче тарых да болуп калат. Турдакун Ниязалиев ырга сөз жаз деп суранды, макул деп ага бир топ калпычы болдум. Себеби карыздар элем. Анан телефондон эле, “Жүрөгүм сүйүп алганымсың, Жүдөсөм үмүт байларымсың. Ар убак шүгүр жаратканга, Арманды жолотпос майрамымсың.”,- деген саптарды жөнөттүм. Кийин бир айдан ашык убакыт меккеде жүрүп, бир күнү интернет бетин ачсам эле дүңгүрөп хит болуп атыптыр. Айта берсем мындай чыгармаларым көп. Телерадиолорго берилбей көбөйүп кеткенинен чыгынып радио, телерге алып бардым. Сөз кадырын билбегендердин колуна түшкөн экен. Эфирден берилбей жатты. Сурасам текшерип койдук ырларың өтпөй калыптыр деди башчысы. Намыстанып бардым, эмне катасы бар экенин далилдетким келди. Барсам текшерип чыгышканы калп экен, менин көзүмчө ошол жактан карай баштады. Сынады, уккусу деле келген жок, айласыз эле отурду. “Эмнеге эле муңкана бергенсиң!”,- деди. Ушул сөз жетиштүү болду, мындан ары ырымды байкуш абалда радиолорго алып барбайм деп өзүмө сөз бергем. Көңүлүм калды.

Кайрыктар көбүнчө кандай учурда келет?

 – Кайрыктар жан дүйнө тынч абалда келет. Азыр жан дүйнөм тынч эмес. Сезимге жугаарлык кайрыктар, ыр саптары чыкпай жатканы ошол себептен болсо керек. Акжолтойдон, Элмирбек, Зайырбек агайлардан айрылып калдык. Азыр өзүм менен өзүм сүйлөшүп Нарын дарыясынын жээгинде балык салып жүрөм, балык түшкөнү кызык эмес, мага болгону ошол жагып атат. Карантин убагын пайдалуу өткөрсөм деп онлайн комуз үйрөтүп турам, жети жаштан жетимиш жашка чейин үйрөнүп атышат.

Баян Акматов: "Ырларымды телерадиолор албай койгондон соң көңүлүм калды"

Ыр жазып берүүңүздү сурангандар болобу?

 – Ыр жазып берүүмдү сурангандар абдан көп. Бирок баарына ыр жаза берсең убактыңдын баары текке кетип, жазган ырларың жашап жазылбай эле жасап жазылып калчудай. Ошол себептүү ал жагынан да бир топ тажырыйба топтоп калдым.

 Учурда биздеги маданияттын абалы кандай? Жетиштүү көңүл бурулуудабы?

 – Маданияттын абалы, итке сөөк таштагандай. Маданият менен эле мамлекетти оңдоп койгонго мүмкүн болчу бирок, тилекке каршы болуп атат. Бир учурда белгилүү бир маданият үйүндө иштедим, концерттерде башын ачып, чыгармаларды ырдап жүрдүм. Кийинчерээк аким, мэр сыяктуу чоңсунгандардын тоюна аралаштыра баштады. Милдеттүү да боло баштадык. Айлык болсо 3600 сом. Мен өкмөттү сыйлап иштедим, бирок бизди  эч ким сыйлабаса көпкө иштеп жүрө албайт экенсиң. Кыскасы, чыныгы революцияны маданият кызматкерлери жасаш керек.

Баян Акматов: "Ырларымды телерадиолор албай койгондон соң көңүлүм калды"Карантинде айылда жүрүп эмнелерди байкай алдыңыз?

 – Өзүм Нарын районунун Эмгек Талаа айылынан болом. Мектеп курагында айылды балалык баео көз караш менен караптырбыз. Азыр эми барын түшүнүп, аң-сезим менен карап жатам. Карантиндин пайдасы ушул. Кээде ушул вирус ырас эле келиптир дейсиң. Себеби айылдар жетимсиреп калды эле, жылдап, айлап келбей деле койчубуз. Көпчүлүгүбүз Бишкекке тыгылып алганбыз. Элетте болсо мектептерге мотивация жетпей, улуулар болсо малдын туягын санап, үмүтсүздүккө түшүп баратыптыр. Ким куткарат? Албетте маданият адамдары. Молдолор деп ойлогондор бар. Бирок андай эмес. Бейиш менен тозокту менчигиндей бөлүштүргөн, эки аят эки хадистин айланасынан чыгалбаган молдолордон коом чарчады. Гүлзат Мамытбек чырылдагандай эле бар азыр. “Көзүңдү ач, ойгончу, турчу, уктабачы, теорияңан, рамкаңан чык!”,- деп ар бир адамды жакалай турчу чактабыз.

Чыгармачылык менен үй-бүлө багууга болобу?

 – Үй бүлө багууга каражатым чыгармачылык жактан келет, кудайга шүгүр. Токтогул, Калык Ысмайыл аталарыбызды эл кантип асыраган болсо ошондой эле келатабыз биз дагы.

Уулдарыңыздын бири ата жолун жолдойм десе, колдойт белеңиз?

 – Балдарым азыр кичинекей. Мындай курагында эмнеге шыктуу экенин биле да албайт экенсиң. Балким бир аз чоңоюшса билинсе керек. Өмүрү өткүчө элге кызмат кылып, Жараткандын барлыгын, бирлигин даңазалаган, пайгамбардын осуяты менен насыятынан тарбия алган, баба наркын чанбаган уулдардан болуп, кийин биздин үстүбүздөн чым топурак басканда жакшы иштин сообу менен куран багыштап турса деген эң негизги изги тилегим ушул.

Чыгармачыл адамдын жубайы болуу бир топ түйшүктүү дейт сиз бул ойго кошуласызбы?

 – Кандай болгон күндө да, хандын колун кармап, жетимдин башын сылап, барчылык менен жокчулукту тең көрүп жүргөн адамдын жубайы болуу өтө татаал.  Муну аялзаты түшүнө билүүсү зарыл. Ал эми биз акырындан бири-бирибизди тарбияга көндүрүп келе жатабыз.

Чоң рахмат! Чыгармачылык ийгилик!

Маектешкен Гүлзада Абдырахманова.

If you have found a spelling error, please, notify us by selecting that text and pressing Ctrl+Enter.