Буга дейре мюнхендик  клуб чемпиондор Лигасында “Реалга” каршы ойноп, тең болуп чыккандыктан, финалга Мадридден келген командага жол бошотушкан. 

Мюнхендик “Бавария” клубунун  башкы тренери Юпп Хайнкес чемпиондор Лигасындагы  жарым финалдык матч ал үчүн турнирдеги соңку таймаш болгонун жарыялады. Бул тууралуу европалык футбол ассоциация Бирикмесинин басма сөз кызматынан билдиришкен. 

-2013-жылы чеипиондор Лигасында дортмундук “Боруссия” менен кездештим, ошондо бул мага турнирдеги акыркы матч болоорун билдим. Кайтып келеримди эч убакта ойлогон эмесмин. Бүгүн ишенимдүү айта алам – бул менин чемпиондор Лигасындагы акыркы оюнум. Мен эми тренер болуп иштебейм, – деп айткан 72 жаштагы устат. 

Хайнкес 1979-жылдан бери тренер болуп иштеп келатат. Карьерасында эки жолу чемпиондор Лигасын жеңип алган, биринчисинде 1997-98-жылдары “Реалды” башкарып турганда, экинчисинде 2012-13-жылдары “Баварияга” устат болгондо. Немец чемпионатында төрт жолу жеңип, бир ирет Кубоктун ээси болгон жана үч жолу Германиянын Суперкубогун алган. 2013-жылы Хайнкес  Эларалык футбол федерациясынын версиясы боюнча дүйнөдөгү мыкты тренер болуп таанылган. 

Булак: NewTV

Эгерде сайттан катачылык тапсаңыз, текстти тандап, Ctrl+Enter баскычтарын басып, бизге жөнөтүнүз