Экономика жана финансы министрлиги өкмөттүн Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн аппаратынын атайын эсебине ыктыярдуу төгүмдөрдүн келип түшкөндүгү жөнүндө отчет берди.

Ведомствонун маалыматына ылайык, 3-май саат 16.00гө карата атайын эсепке 11 млн. 335 миң 250 сом түштү. Ошол эле учурда саат 12: 00гө карата депозитке 4 миллион 611 миң 784 сом гана топтолгон. Ошентип, төрт сааттын ичинде кыргызстандыктар эсепти дагы 6,7 миллион сомго толукташты.

Эскерте кетсек, Баткен облусуна жардам көрсөтүү максатында ыктыярдуу төгүмдөр үчүн  атайын эсеп ачылган.

If you have found a spelling error, please, notify us by selecting that text and pressing Ctrl+Enter.