Баткендин багы ачылатБүгүн Кыргыз Республикасынын президенти Сооронбай Жээнбеков Баткен облусуна жумушчу сапары менен барды.
Өлкө башчысынын иш сапарындагы негизги жаңылык Баткен шаарында өрүктү кайра иштетүүчү логистикалык борбордун курулушу менен заманбап текстил фабрикасынын пайдубалына капсула салынышы болду.

Баткендин багы ачылатМындай үлкөн долбоорду “Каганат инвест” холдингинин негиздөөчүсү Нурбек Осмонов демилгелеп, ишке ашырмакчы.
Барыбызга белгилүү болгондой Баткен өрүгүнүн түшүмүн көбүн эсе жергиликтүү эл арзан баада коңшу өлкөлөргө сатышчу.
Азыраак бөлүгү өзүбүздүн керектөөбүзгө калып келген.
Эми аталган логистикалык борбор ишке кирсе дээрлик баардык түшүм ошол жерде кайра иштетүүгө берилип, багбандардын кирешеси арбыйт.
Анда жылына сегиз миң тонна өрүк кайра иштетилет.
Эң башкысы эки жүздүн тегерегинде жумушчу орун пайда болот.
Аталган долбоорго 8 миллион АКШ доллары жумшалат.
Ал эми текстил фабрикасы курулуп бүткөндө 1000 кишиге жумуш берилет.
Фабрика ушул жылы курулуп бүтүп, эмки жылдын башынан иштеп баштайт.
Анда жылына орточо 400 миллион сомдук продукция чыгарылмакчы.
Фабриканын курулушуна жалпысынан 6 миллион АКШ доллары сарпталат.
Андыктан чек арада жашаган Баткен элине абдан маанилүү эки чоң долбоорду ишке ашырууга бел байлаган Нурбек Осмоновго алкыш айтып, иштерине ийгилик каалайбыз.
Баткендин багы ачылатБелгилей кетсек Ош шаарындагы жаңыдан ишке кирген “Кыргыз унаа курулуш”
машина куруу заводунун жана курулушу аяктап жаткан жети миң орундуу “Кыргыз текстил” фабрикасы да дал ушул Нурбек Осмоновго таандык.

Баткендин багы ачылат Баткендин багы ачылатБаткендин багы ачылат

Баткендин багы ачылатБаткендин багы ачылатБаткендин багы ачылат

If you have found a spelling error, please, notify us by selecting that text and pressing Ctrl+Enter.