Баткен облусунун Кадамжай районунда Өзбекстан мамлекетинин колдоосу менен жугуштуу ооруларды дарылоочу эки жүз орундуу оорукананын курулушу башталды. Бул тууралуу өкмөттүн Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн басма сөз кызматы маалымдады. 18-ноябрда оорукананын курулушуна керектүү материалдарды “Өзбекстан темир жолдору” ачык акционердик коомунун жетекчиси Хуснитдин Хасилов баштаган делегация алып келди. Облус башчысы Жаныбек Жалалов делегацияны тосуп алып, жолугушууда Өзбекстан мамлекетине ыраазычылыгын билдирди. Жеңил конструкциядагы оорукана Кадамжай районунун аймактык ооруканасынын короосундагы бир гектарга жакын аянтка курулат. Учурда курулуштун ордун даярдоо башталды. Маалыматка ылайык, бейтапкана 10 күндүн ичинде курулуп бүтүп, керектүү медициналык жабдыктар менен камсыздалат. Бейтаптарды дарылоодо Өзбекстандан тажрыйбалуу дарыгерлер келип, жергиликтүү медицина кызматкерлери менен тажрыйба алмашат.

If you have found a spelling error, please, notify us by selecting that text and pressing Ctrl+Enter.