Баткен облусунда катуу жааган жаандан улам бала бакчаны, турак үйлөрдү жана 10 гектарга жакын эгин талаасын сел каптады. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматынан кабарлашты.

Билдирүүгө ылайык, Кызыл-Кыя шаарында мөндүр аралаш жааган жаандан улам Жусубалиев көчөсүндөгү балдар бакчасынын жана 1 турак үйдүн короосуна суу толуп, 6 куткаруучу тартылды. Материалдык чыгым жана жабыр тарткандар болгон жок.

Ал эми Баткен районунун Таян айылында сел кетүүчү сайдан сел жүрүп, 1 чакырымга жакын ички чарбалык жолдун айрым бөлүктөрү, 10 гектарга жакын эгин талааларын сел суусу баскан. Болжол менен 1 чакырым арык кум, шагылга толгон.

Жеринде аймактык жарандык коргонуу комиссиясы тарабынан тактоо иштери жүргүзүлүүдө.

If you have found a spelling error, please, notify us by selecting that text and pressing Ctrl+Enter.