Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен кабарлагандай, Баткендин Бак айылындагы Лаган каналына түшүп кеткен 2 кыздын бирөөсүнүн сөөгү табылды.

Эске салсак, кечээ 6-август күнү 2 кыз сууга агып кетип, бирөөсүн жергиликтүү тургундар куткарып калышкан.

Экинчи кызды издөөгө саат 17:38де 8 куткаруучу тартылган. Жергиликтүү тургундар саат 18:14тө экинчи кыздын сөөгүн таап, туугандарына өткөрүп беришкен.

Учурда кыздардын өздүгү такталууда.

If you have found a spelling error, please, notify us by selecting that text and pressing Ctrl+Enter.