Баткендин Көк-Таш айылынын 4 тургунун Кадамжай райондук соту 1 айга камакка алды. Бул туурасында Баткен милициясынын маалымат катчысы Дамира Юсупова билдирди.

Маалыматка ылайык, чагымчылыкка шектелип жаткандарга соттун чечими кечээ, 13-январда чыккан.

Белгилей кетсек, 10-январга караган түнү кыргыз-тажик чек арасында чыр чыгып, тажик тараптан ок атуу болгон. 11-январда Баткен облустук милиция кызматкерлери Көк-Таштын 4 тургунун чагымчылдыкка шектүү катары кармап кеткен. Аларды бошотуу талабы менен кечээ Баткен облусунда, Бишкек шаарында нааразычылык акциялары болуп өткөн.

 

If you have found a spelling error, please, notify us by selecting that text and pressing Ctrl+Enter.