Categories

Баткенде аз камсыз болгон үй-бүлөлөр азык-түлүк менен камсыздалды

Баткен облусунун Кызыл-Кыя шаарында жашаган аз камсыз болгон үй-бүлөлөрдөн өкмөттүн өкүлү Абиш Халмурзаев кабар алып, азык-түлүктөрдү тапшырды.

Халмурзаев өз сөзүндө жашоочуларды ынтымактуу болууга чакырып, социалдык жактан аз камсыз болгон бүлөлөр үчүн мамлекет болгон мүмкүнчүлүгүн жумшап, каржы булактарын издеп, алардын жашоо шартын жакшыртууга ар дайым көңүл бураарын билдирди.

Белгилей кетсек, өткөн жылы Араб мамлекеттеринин колдоосу менен Кызыл-Кыя шаарында аз камсыз болгон, мүмкүнчүлүгү чектелүү, турак жайы жок 25 үй-бүлөгө үй курулуп, пайдаланууга берилген.

 

Жооп берүү