Бүгүн 1-майга карата Кыргыз-Тажик чек арасында абал кайра чыңалууда.
Буга себеп Тажик чекара аскерлери Лейлек районуна кетчү Ош-Исфана жолун кайрадан жаап салгандыгы болууда.
Ошондой эле Баткен районунун Аксай айылынын жергиликтүүлөрү Ворух анклавына кеткен жолду бууп алышкан.
Учурда эки өлкөнүн коопсуздук кызматынын жетекчилери абалды жөгнө салууну көздөгөн ыкчам иш аракеттерди көрүшүүдө.
Эң башкысы абал кайрадан курчуп, ок атышууга жол бербей, кырдаалды көзөмөлдө кармоо негизги милдет болууда.

If you have found a spelling error, please, notify us by selecting that text and pressing Ctrl+Enter.