Баткендеги кол салуудан жабыркагандардын саны 189 адамга жетти. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо жана социалдык өнүктүрүү министринин биринчи орун басары Ализа Солтонбекова билдирди.

Ал эми 36 адам курман болду. Учурда ооруканаларда 100 адам дарыланууда. Буга чейин Бишкекке 59 жабырлануучу жеткирилген. Баткен облусундагы бейтапканаларда 41 киши жатат, калгандары амбулатордук түрдө дарылануусун улантууда.

Солтонбекова Баткенде 81 медкызматкер, 20 психолог иштеп жатканын белгиледи. Алар жеринде 11-майга чейин иштээри белгилүү болду.

Эскерте кетсек, 28-апрелде Баткен районунун Көк-Таш айылындагы суу бөлүштүрүүчү жайга Тажикстандын жарандары видеокөзөмөл орното баштаган. Ага кыргызстандыктар каршы чыгышкан, көп өтпөй эки элдин жарандары бири-бирине таш ыргытуудан абал курчуп кеткен.

Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришкендей, Баткен аймагында жалпы 107 турак үй, 2 мектеп, 1 ФАП, 1 бала бакча, 10 май куюучу жай, 8 дүкөн, 4 соода түйүнү, 4 социалдык объект жана 5 башка мамлекеттик имарат өрттөнгөн жана талкаланган.

If you have found a spelling error, please, notify us by selecting that text and pressing Ctrl+Enter.