Баткен облусунда 5 баллга жеткен жер титирөө катталды. Бул тууралуу Сейсмология институту билдирди.

Маалыматка ылайык, кечээ түштөн кийин катталган зилзаланын очогу Баткендин Сары-Өтөк айылына 10 чакырым, Айдаркен шаарчасына 20 чакырым жакын жерде болду.

Силкинүү күчү Сары-Өтөк, Совет, Кызыл-Коргон, Шуран, Айдаркен, Сур, Ормош, Кызыл-Коргон, Жаны-Коргон айылдарында 5 баллга жеткен.

Баткен жана Кадамжай шаарларында жана бир катар айылдарда 4 балл, андан алысыраак айылдарда 3, 2 балл сезилген.

Адам өмүрүнө коркунуч келген учурлар, кыйроолор болгон эмес.

Эгерде сайттан катачылык тапсаңыз, текстти тандап, Ctrl+Enter баскычтарын басып, бизге жөнөтүнүз