3-май, саат 9:30га карата УКМКнын кабарлашынча кыргыз-тажик чек арасында абал тынч. Кечээ кечинде  жаңжалдуу окуялар катталган жок. Аймактын чек арага жакын айылдардын коопсуздугу милиция жана аскерлердин көзөмөлүндө.

Кыргыз-тажик мамлекеттик чек ара сызыгын бойлой күзөт жүрүүдө. Тараптар мамлекеттик чек ара тилкесинен кошумча күчтөрдү жана каражаттарды өз аймактарына чыгарып кетүү иштерин аякташты. Чек ара кызматты күчөтүлгөн тартипти кызмат өтөөдө.

Ал эми Ички иштер министринин биринчи орун басары Сүйүн Өмүрзаков укук коргоо кызматкерлери жана ыктыярчылар менен чек арага жакын жайгашкан айылдарды кыдырып, жергиликтүү элге түшүндүрүү иштерин жүргүзүүдө.

Чыр учурунда эвакуацияланган кыргызстандыктар кайрадан чек арага жакын жайгашкан айылдарга, өздөрү туруктуу жашаган аймактарга алып келе баштады.

Акыркы окуялардан улам жабыркаган жашоочулардын үйлөрү мамлекеттин эсебинен толугу менен калыбына келтирилет.

Ошону менен бирге калыбына келтирүүгө мүмкүн болбогон турак жайлар мамлекеттин эсебинен бекер курулуп берилерин Президент социалдык түйүндөгү баракчасына жарыялады.

Баткен облусундагы кыргыз-тажик чек ара маселеси боюнча чыккан чырда 179 кыргызстандык жабыркап, жалпы 34 адам каза болгон. Үй-жайын таштай качып, куралдуу кол салуу болгон аймактан коопсуз жайга облус боюнча 58 миң 261 жаран көчүрүлгөн. Ал эми тажик тарап 90 киши жабыркап, 16 адам каза болгонун айтууда.

Жалпысынан чек арадагы чыр боюнча 11 кылмыш иши козголду.

If you have found a spelling error, please, notify us by selecting that text and pressing Ctrl+Enter.