Кечээ, 14-марттан бери вице-премьер-министр Жеңиш Разаков Тажикстандын Премьер-министринин орун басары Азим Иброхим баштаган тажик тарап менен сүйлөшүүлөрдүн эки раундун өткөрдү.

Сүйлөшүүлөрдүн жүрүшүндө тараптар орун алган бардык маселелерди четтетүү жөнүндө эки жактуу ниеттерин билдиришип, өз ара шарттарды талкуулашты.

“Эки тараптан тең жабыркагандар боюнча биз биргелешкен тергөө топторун түзүүнү сунуштадык, ага эки өлкөнүн Башкы прокуратура жана Ички иштер министрликтеринин өкүлдөрү киришет. Бардык чечимдер биздин өз ара кызыкчылыктарга дал келүүгө тийиш. Бул маселе бүгүн чыгып жаткан жок жана биз жагдайды курчутпашыбыз керек”,-деди Разаков.

Белгилей кетсек, мамлекеттик чек ара тилкесинде түзүлгөн кырдаалды жөнгө салуу боюнча тажик тарап менен сүйлөшүүлөр улантылат.

 

Эгерде сайттан катачылык тапсаңыз, текстти тандап, Ctrl+Enter баскычтарын басып, бизге жөнөтүнүз