Баткен облусунун Тажикстан менен чектешкен аймагында 28-30-апрель күндөрү болгон окуядан жабыр тарткан үй-бүлөлөрдөн 140 бала Ысык-Көлгө эс алууга жөнөп кетти. Бул тууралуу өкмөттүн облустагы өкүлчүлүгүнүн маалымат кызматы билдирди. Балдардын эс алуусу өлкө президентинин демилгеси жана колдоосу менен ишке ашууда.

“Облустун чек аралаш аймактарынан барган 140 бала, алты мугалим он күн бою Ысык-Көл облусунда эс алууда болушат. Андан соң балдар Баткен облусунун Кадамжай районунда жайгашкан “Семетей” лицейинде дагы 15 күн эс алышат”, – деп айтылат маалыматта.

 

If you have found a spelling error, please, notify us by selecting that text and pressing Ctrl+Enter.