Учурда Башкы прокурор Ө. Жамшитов Жогорку Кеңештин жалпы жыйынында өткөн жылда жасалган укуктук иштер боюнча отчет берип жатат. Ошону менен катар эле депутаттардын да суроолоруна жооп берүүдө.

Ал “Республика Ата-Журт” фракциясынын депутаты Руслан Казакбаевдин “Айрымдар саясий куугунтук болуп жатат дешүүдө. Анын себеби барбы”?   деген суроосуна жооп берди.

Өткүрбек Жамшитов: Айрым кылмыш иштер боюнча тергөө органдары күнөөсүн таап жатат. Далилдер жетиштүү болгондо, айыбы угузулуп жатат. Тараптардын укук-милдеттерин түшүндүрүү менен Кылмыш-процессуалдык кодекстин негизинде жүргүзүлүүдө. Аягына чекитти сот коюшу керек”, – деди.

Эске сала кетсек, мурдагы премьер-министр Сапар Исаков кечээ УКМКнын алдында, журналисттерге “алгач ММКларда С. Исаковдун наамын булгашып, анан кылмыш ишин козгоого кам көрүп жатышкан экен да”- деп, айткан эле.

If you have found a spelling error, please, notify us by selecting that text and pressing Ctrl+Enter.