Учурда Жогорку Кеңеште ЖЭБдеги коррупциялык иштер боюнча тергөө аяктап, сотко өткөндүгүнө байланыштуу талкуу уланууда. Талкууга Башкы прокурор Ө. Жамшитов жана башка бул коррупциялык иштерди иликтеген күч түзүмдөрүнүн жетекчилери катышууда.

Жыйын суроо – жооп иретинде уланууда.

Депутат Д. Далабаев: – ЖЭБдеги авариядан, ал жердеги коррупциялык иштерден өлкөбүз бир нече млн.сомго зыян келгендиги айтылууда. Уурдалган каражаттар боюнча иш жүргүзүп жатасыздарбы? Ал каражаттарга кимдир бирөөлөр бир жерге ишкана салгандыр? Кайсыл өлкөдөн кимдердин мүлкү табылды?  Алардын дайыны барбы?

Ө. Жамшитов: “Атайын адамдарга карата иш жүргүзүп жатабыз. Кээ бир өлкөлөргө суроо жөнөттүк. Буюрса, мыйзамсыз мүлктөр табылат” – деди.

Эгерде сайттан катачылык тапсаңыз, текстти тандап, Ctrl+Enter баскычтарын басып, бизге жөнөтүнүз