Интернет басылмалардында акыркы учурларда С.Исаков менен А.Калиевдин жактоочулары тарабынан коомчулуктун алдында аларды актоо аракеттеринде бир нече жолу так эмес маалыматтар жарыяланган иш-аракеттери боюнча төмөнкүдөй түшүндүрмө берүү зарыл деп эсептейбиз. Бул тууралуу аталган мекеменин маалымат кызматы билдирди.

С.Исаков жана А.Калиевге коюлган айыптар боюнча жазык ишинин ичинде алардын күнөөсүн далилдөөчү документке негизделген материалдар жетиштүү көлөмдө бар. Алардын республикалык бюджеттен каржыланган мамлекеттик ири курулуш долбоорун ишке ашырууда, техникалык-экономикалык негиздемеси жок, долбоорлоо-сметалык документтер бекитилбеген шарттарда аткаруусунун кесепеттеринен мамлекеттин өзгөчө ири өлчөмдөгү каражаттарын (5 439 527 482 (беш миллиард төрт жүз отуз тогуз миллион беш жүз жыйырма жети миң төрт жүз сексен эки сом) орунсуз жок кылуулары коррупциялык кылмыш болуп эсептелет.

Мамлекеттик каражаттарды уурдоого жол берген кызмат адамдары жана башка жактар мыйзам чегинде эң катаал жазаларга тартылууга тийиш.  Бишкек ЖЭБин 386 млн АКШ долларына Модернизациялоо долбоору боюнча ТЭНдин жана долбоорлоо-сметалык документтердин жоктугу жөнүндө парламенттик угууларда бир нече жолу белгиленип келсе, кылмыш иштин тергөөсүнүн жүрүшүндө булар тастыкталган.

Кыргыз тараптын долбоорлоого катышуудан толук четтетилиши, кылмыш иши боюнча шектүүлөрдүн ТВЕА компаниясынын пайдасын көздөгөн шарттарда сметасын түзүүгө, курууга жана жабдууларды сатып алууга, ал эми подряддык компания келишимдин шарттарына ылайык биздин мамлекет Эксимбанктан (КЭР) кредит катары алган 386 млн. долларды өз каалоосу боюнча сарптоого мүмкүнчүлүк алгандыгы парламенттик угуулар учурунда жана тергөөнүн жүрүшүндө да тастыкталган.

Айыпталуучулардын жана алардын өкүлдөрүнүн бул аракеттерин коомчулуктун көңүлүн башка нукка бурууга жана саясатташтырууга жасаган далаалаттары катарында кабыл алууга болот.

Эгерде сайттан катачылык тапсаңыз, текстти тандап, Ctrl+Enter баскычтарын басып, бизге жөнөтүнүз