Баткен ОИИБнин криминалдык милиция кызматынын өзгөчө маанилүү иштер боюнча өкүлү Улукбек Мамытов төрөтканада  адам сатууга байланышкан бир учур катталганын маалымдады.

Улугбек Мамытов: “Анда жаш эне башка бир эненин паспорту менен барып, ошол кишинин аты – жөнү менен төрөп, баланы ошол тарапка берүү ниетин ишке ашырмак болгон. Окуя учурунда билинип калып, кылмыш иши козголду.

Окуянын каарманы Кадамжай районуна караштуу Орозбеков айыл аймагындагы Жоогесек участкасынын 1983 – жылы туулган А.Б. аттуу тургуну болуп чыккан”, – деди.

If you have found a spelling error, please, notify us by selecting that text and pressing Ctrl+Enter.