2018-жылдын 8-май күнү болжол менен саат 20.40 чамасында Балыкчы шаарынынан белгисиз айдоочу белгисиз унааны башкарып келе жатып, Фрунзе көчөсүнөн жөө жүргүнчүнү сүзүп, жол кырсыгы болгон жерден изин жышырып качып кеткен.

Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматынан билдиришти. 

Маалыматка караганда, жол кырсыгынын кесепетинен 69 жаштагы Л.С. аттуу жаран ар кандай жаракаттар менен ооруканага жаткырылган.

Балыкчы шаары боюнча ЖКККБнын кызматкерлери тарабынан жүргүзүлгөн ыкчам изилдөө иштеринин негизинде, жол кырсыгынын изи сууй элегинде шектүү катары “БМВ” үлгүсүндөгү унаанын 32-жаштагы Ж.Т. аттуу айдоочусу кармалып, тергөө кызматынын тергөөчүсүнө өткөрүлүп берилди. Ал эми, жогоруда аталган автоунаа атайын унаа коюлуучу жайга токтотулду.

Учурда иликтөө иштери жүрүп жатат.

Булак: NewTV

If you have found a spelling error, please, notify us by selecting that text and pressing Ctrl+Enter.