Учурда Жогорку Кеңеште депутаттар тарабынан Балыкчы-Жалал-Абад альтернативалуу жолун каржылоо маселеси талкууланууда. Транспорт министринин өкүлунүн маалыматына караганда, аталган жолдун курулушу аяктагандан кийин акы төлөп жургөн жол болушу керек. Учурда ага карата сунуштар даярдалууда.

Ар бир чакырымы жүк ташуучу автоунааларага 1 сомдон 3 сомго чейин болушу мүмкүн. Ал эми Ош – Бишкек жолун кармап турганга жылына мамлекеттен  400 млн.  сом кетет.

Бул тууралуу депутаттар коомчулукка азыртан маалымат берүү зарылдыгына токтолушту.

Депутат Таабалды Тиллаев: “Аны азыртан эле айтып баштагыла. Уран кенин казгандай болбосун. Эл ошол акыны  көтөрө алабы аны да ойлогула”,- деди.

Эгерде сайттан катачылык тапсаңыз, текстти тандап, Ctrl+Enter баскычтарын басып, бизге жөнөтүнүз