Вице-премьер-министр Алтынай Өмүрбекова жайкы каникул учурунда балдардын коопсуздугун камсыздоо жана балдардын суицидинин алдын алуу маселелери боюнча кеңешме өткөрдү. Жайында балдар каникулга чыгып, сууга түшүп, күнгө күйүп гана жыргап эс албастан, алар үчүн тобокелдиктер да жогору. Балдар жайкысын лагерлерге эс алууга, көлмөлөргө, сууларга түшкөнү барышат. Мунун баарынын бир топ коркунучтары бар. Атайын мекемелердин маалыматына караганда буга чейин суицидге барган өспүрүмдөрдүн 83ү мектеп окуучулары, 54ү кыз, калганы эркек балдар.

Вице-премьер-министр өспүрүмдөр арасында суицид маселесине өзгөчө көңүл бурду, балдарды өз өмүрүнө кол салууга түрткөн негизги себептер атан-энелери жана туугандары менен урушуу, улуулар тарабынан көңүл буруу жана түшүнүүнүн жоктугу, бактысыз сүйүү болуп саналат.

Анын айтымында, буга байланыштуу «Тез байланыш – 111» ишин активдештирүү керек, балдар квалификациялык жана психологиялык жардам алыш үчүн кайда телефон чалууга болорун билиши кажет. Балыкчы шаарындагы үйлөтүлгөн батут оодарылып кетип, натыйжада балдар жабыркаган сыяктуу кырсыктарга жол бербеш үчүн Экологиялык жана техникалык инспекциянын адистери бардык эс алуу жана оюн-зоок жайларын текшерүүгө тийиш.

If you have found a spelling error, please, notify us by selecting that text and pressing Ctrl+Enter.