Ысык-Көл облусунун прокуратура органдары тарабынан 1990-жылы курулган баасы 3 278 300 сомдук балдар бакчасынын имараты муниципалдык менчикке кайтарылды. Бул тууралуу Башкы прокуратуранын маалымат кызматы билдирди.

Атап айтканда, буга чейин жогоруда аталган балдар бакчасы менен ага тийиштүү жер тилкеси “Кыргызстан” союзунун спорттук федерациясынын жеке менчигинде болгон. Облустук прокуратура органдары тарабынан жеке менчик укугу жөнүндө Мамлекеттик актыны жараксыз деп табуу тууралуу Ысык-Көл облусунун райондор аралык сотуна берген доо арызы канааттандырылган.

Райондук прокуратура тарабынан киргизилген талаптын негизинде, жалпы аянты 1200 м2 эки кабаттуу типтүү бала бакчанын имараты жана ага тийиштүү  аянты 5000 м2 жер тилкеси Кажы-Сай айыл өкмөтүнүн балансына кабыл алынды.

Мындан тышкары, Ысык-Көл облусунун прокуратура органдары тарабынан 2019-жылдын 1-кварталында дагы эки бала бакча жана бир мектеп-интернаттынын имараттарын мамлекеттик менчикке кайтаруу жөнүндөгү доо арыздарын сот органдары карап жатат.

Эгерде сайттан катачылык тапсаңыз, текстти тандап, Ctrl+Enter баскычтарын басып, бизге жөнөтүнүз