Бишкектин  деталдуу планы боюнча коомдук талкууда жарандык активист Калича Умуралиева бала бакчаларды көп кабаттуу үйлөрдүн биринчи кабатына жайгаштыруу боюнча айтылган сунушка өзүнүн пикирин билдирди. 

“Бул санитардык талаптарга жооп береби? Балдар бакчасы өзүнчө аймакта жайгашуусу керек. Балдардын сейилдөөсүнө ылайыктуу болушу шарт”, – деди активист. 

Белгилей кетсек, көп кабаттуу үйлөргө бала бакчасын ачуу сунушу шаардык бийлик тарабынан жолдонгон. Калича Умуралиева Тыныстанов көчөсүндөгү өрттөнүп кеткен салык кызматынын имараты турган жердин  тагдырына кызыкты. 

Мэр Албек Ибраимовдун айтымында, Тыныстанов көчөсүндөгү жерге кызыккандар көп болгон. Шаардык бюджетте бала бакчаларды курууга каражат жок. Ошондуктан, инвесторду күтүү зарылдыгы жаралган. 

“Бала бакчалар мамлекеттик жана жеке өнөктөштүк шартында курулат. Мамлекеттин акчасын күтүп отурсак, кеч болуп калат”, – деп белгиледи Албек Ибраимов. 

Булак: NewTV

If you have found a spelling error, please, notify us by selecting that text and pressing Ctrl+Enter.