Борбор калаадагы көптөгөн ата-энелер бала бакчадагы балдарга берилген тамактар талапка жооп бербейт деп нааразы болуп чыгышкан. Мындан улам тиешелүү мекеме тараптан текшерүү жүргүзүлүп, натыйжада бир балага болгон суткалык норма сакталбай, балдарга берилген тамак-ашта белок, май, углевод аз экени аныкталган. Анын негизинде өткөн жылы 80 бала бакчага эскертүү берилип, эреже бузгандыгы үчүн 77 жетекчиге айып пул салынган.

Эгерде сайттан катачылык тапсаңыз, текстти тандап, Ctrl+Enter баскычтарын басып, бизге жөнөтүнүз