Баягы ” Бакылдаган текени суу кечкенде көрөбүз” дегендей Ысык-Көл облусуна башчы болуп барган Балбак Түлөбаев ишин баштабай жатып дароо эле жардамчысын, орун басарын алмаштырып баштады.
Бүгүн облус башчысынын биринчи орун басары Дамир Моңолдоров кызматынан чегинди.
Негизи Балбак мырза энергиясы ашып-ташыган, иш билги бакылдаган жигит.
Кай жерде иштебесин ишине берилип иштеп, анысын элге жарыя кылып көрсөткөндү да жакшы билет.
Анысы коомчулукка маалым.                                                                                                                                                                            Азырынча ишине ийгилик каалап, жакшы сөзүбүздү арнап туралы. Калганын убакыт көрсөтөт…

If you have found a spelling error, please, notify us by selecting that text and pressing Ctrl+Enter.