Финансы министрлиги министр Бактыгүл Жээнбаеванын иш бөлмөсүндө эч кандай иш кагаздарын тинтүү болбогондугу тууралуу маалымат таратты.

Ал маалыматтарга караганда, 26-сентябрда министрликте  Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү боюнча мекеменин кызматкерлери тарабынан каражаттарды мыйзамсыз жумшоо боюнча текшерүү жүргүзүлгөн. Анда документтер сакталган бөлмөнү аталган министрликтин кызматкерлеринин катышуусунда  текшерүү болгон. Министрдин иш бөлмөсү текшерүүгө алынган эмес. Министр текшерүүчүлөр тарабынан күмөн жараткан иш кагаздарын алып кетүүгө уруксат берген.

Эске сала кетсек, буга чейин айрым маалымат булактарында Финансы министри Бактыгүл Жээнбаеванын иш бөлмөсү текшерүүгө алынганы жазылган болчу.

If you have found a spelling error, please, notify us by selecting that text and pressing Ctrl+Enter.