“Шүгүр кылуу”

Көңүл ачып көп жерлерге барчу элек,
Кызыкка бай студенттик күнүмдө,
Эне болуп, убакыт жок андайга,
Театр, кино, концерт баары үйүмдө.

Балдарымдын каткырыгы дары го,
Бал тилинен аруулукту таратып.
Бийлегени шаттандырып дүйнөнү,
Бакык толуп, жүрөгүңдө таң атып.

Уйкум чала түнкү концерт себеби,
Үйүм чачык – ырыскынын белеги,
Атырым жок, бала жыты жыттанып,
Ал жыт барда атырдын жок кереги.

Майрам мага өз чүрпөмдү бакканым,
Махабаттан мөөрөйүм да, тапканым.
Жолдошума күндө кылган белегим –
Жөжөлөрдүн “атакелеп” жатканы.
Жүзүбүздү кичинекей кол менен,
Жүз жылдарга жапжаш кылып таштады.
Балам менин бакыт үчүн бакканым…

“Барксыз ырлар”

Эргитип абасы көл кылаасынын
Ээрчитип махабат ылаачынын.
Сен деген ыр кадырын сезбесең да
Мен деген сезимиңе ыраазымын.

Акылдын ааламынан сууруп чыгып,
Жүрөктүн жүлүнүнөн жулуп чыгып.
Арналган ыр кадырын сезбесең да
Асылым, сүйөм сени бийик кылып.

Баракка баа жетпеген байлык сунуп,
Бир сага ыр арнадым уйкаш куруп.
Барктабай далай ырым өчүрсөң да
Баары бир сүйөм сени сезим тунук.

Кымбат деп канча көп ыр арнадым,
Кадырын билген сөздү угалбадым.
Кап этпей, капа болбой сүйө берем,
Мени катуу сүйөөрүңдү билем жаным.
Баа албаган ырларым сүйбөсөң да
Бактыгүлдү сүйөөрүңдү билем жаным.

“Кечиргиле”

Бир ойдон бир жакшы ыр бойго бүттү,
Талгактан ыр, музыка, обон күттү.
Толгонуп, толуп толбой тогуз айга,
Томсоруп, ыр жазылбай бойдон түштү.

Шашылып, азыгы аз салмак бербей,
Желпеңдеп жеңил чыкты дагы бирөө.
Карабай, кам көрбөгөн жан- дүйнөгө,
Жети айлык, “ара” ыр бар менде күнөө.

Бир ыр бар, сүйүүдөн нак жаралган,
Бир ыр бар каралбай капта калган.
Бирөөнү жээрисем өзүм жазып,
Бириси унуткус жаттап алгам.

Бирине кусадан жүрөк жасап,
Бирине сүйүүмө түнөк жасап.
Мекенге, энеме жакшы ыр жазбай,
Менден көп ырларым тартты азап.

Мезгилдин жүрүшүнө утулгансыйм,
Мерээзмин, миң ырым учургансыйм.
Жакса да өзүмө, жаттан коркуп,
Жакшы ырды жаратпай кутулгансыйм.

Жеңилбей, күчтөнүп, жетилгиле,
Таарыныч, кусаны кетиргиле.
Ырысым, ырда экенин кечээ билдим
Ырларым, эми мени кечиргиле…

Тилегиме жеткирген өзүңсүңөр,
Айыбым көп, таарынбай кечиргиле…

“Адамча жашайлычы”

Бирөөнүн суктанбай айлыгына,
Баркы жок сен үчүн байлыгына,
Жашоону бакыт деп атайлычы,
Жөн эле адамча жашайлычы.

Пайда жок, партия бийлигиңден,
Рахат ал күнүмдүк тирлигиңден.
Ажолор кармашып, сабашканча,
Адамдар, адамча жашайлычы!

Чырдашып чындыкка жетип болбойт
Сыйлашып, адамды адам оңдойт.
Чоңдоруң жеп,тоюп жарылганча,
Артынан ээрчибей,
Камчысын сабабай,
Кадырын санабай,
Тарапташ жердеш деп бөлүнбөй,
Кайгыга-капага чөмүлбөй,
Коргобой, колдобой
Чакырса барбай,
Акчасын албай,
Тамакка алданбай,
Талпылдап жалданбай,
Бааңды, баркыңды өзүң билип,
Бактылуу адамча жашайлычы!

Келгиле, жашоону бакыт деп атайбыз!
Аң сезим, акылды өстүрүп,
Ар адам жүрөккө төңкөрүш жасайбыз!
Ансыз да жашообуз агылып өтүүдө,
Башкалар илимден,билимден өсүүдө,
Биримдик,тынчтыкты туу кылып түбөлүк,
Келгиле, жөн гана бактылуу жашайбыз!!!

If you have found a spelling error, please, notify us by selecting that text and pressing Ctrl+Enter.