Өзгөн районунун Куршаб айыл аймагынын тургуну, баатыр эне Айша Матаева күйөөсүнө жылдык өткөрүүнүн ордуна Эрдик айылындагы 4,5 чакырым жолду оңдоп берди. Бул тууралуу өкмөттүн Ош облусундагы өкүлчүлүгүнөн билдирди.

Өкүлчүлүктөн белгилешкендей, башка жарандарга да үлгү болуучу демилгени көтөргөн Айша Матаевага жана аны колдоп соопчулук ишти баштаган маркумдун балдарына айыл тургундары ыраазычылыгын билдирүүдө.

If you have found a spelling error, please, notify us by selecting that text and pressing Ctrl+Enter.