Дүйнөнү дүңгүрөткөн көчмөндөр оюндарынын жандануусу менен бирге эле өлкөнүн улуттук оюндары болгон кыз куумай, улак тартыш, ат жарыш өңдүү ар кыл оюндар  көпчүлүктүн кызыгуусун артырууда. Мындан улам бул тармакка кайрылып, дал ушул улуттук оюндарга арнап  ат жандыгын баккандарда жыл санап өсүп барат. Алардын бири саяпкер Сыймык Аламанов . Кереметүү Ысык-Көл жергесинин кулуну.  Ат үстүндө шамалдай ойногон каарманыбыздын бала чагы жылкы баласын асыроо менен өткөн. Бара-бара бул жандыктыктарды  көбөйтүү, жасалма уруктандыруу жолдоруна кызыгып олтуруп, чет элден мал догдурлук  билим алып келген. Эми минтип топтогон тажрыйбасын өлкө кызыкчылыгына арнап ат фермалардын биринде иштеп келет. Заводдо жалпысынан таза кандуу асыл тукум жылкылардан 50 баш кармалып, өлкө желегин желбиретүү менен байгелүү орундарга ээ болот деген терең ишенимде багылууда.

БААСЫ 80МИҢ ДОЛЛАРЛЫК ЖОРГОЛОР.

Сыңар туяктуу жаныбарлар уруусуна кирген жылкы баласынын баары эле жорго салууга же ат чабышка жарай бербейт. Жорго салышта, чаап бараткан ат, бир жагынан экинчи жагына оодарылып, эки туяктын эле дүбүртү угулуп тураарын буга чейин эле саяпкерлер айтып келишкен. Жорголор адатта  эки туягын бирдей таштап,  бирдей чабып, мындайча айтканда аттын туяктары жупталып бирдей көтөрүлүп, бирдей жерге шилтелип чабылат эмеспи.  Сыймык Аламанов эмгектенген бул заводдогу  жылкылардын дээрлик баары дал ошондой жорголор.

БААСЫ 80МИҢ ДОЛЛАРЛЫК ЖОРГОЛОР.

Жорголордун байгеге ээ болуусуна бир гана жылкынын күлүктүгү себепкер болбостон аны чаптырган чабандестердин да тажрыйбалуу болгону чоң мааниге ээ. Мындан улам Сыймык Аламанов чабандестерди да үйрөтүп, жорго салыштын  ар кыл ыкмалары менен бөлүшүп келет.  Жылкы заводдо жалпысынан 4 чабандес бар. Алардын бири Бекжан Керимкулов. 16 жашынан бери спорттун бул түрү менен электенип келет. Айтымында аттын кулк мүнөзүн, жүрүш-турушун аңдап билүү кажет ал тургай, алардын салмагын да текшерип, жылкы баласы менен кошо өздөрү да  салмак кууган учурлары да көп кездешет.

БААСЫ 80МИҢ ДОЛЛАРЛЫК ЖОРГОЛОР.

А булар «суу төгүлгүс жорголордун» кулундары. Баардыгы табигый жол менен алынган. Саяпкер бул кулундарды багып жетилтүү менен бирге эле 1,5 жашынан тарта эле ат чабышка кошо баштайт.

 БААСЫ 80МИҢ ДОЛЛАРЛЫК ЖОРГОЛОР.

Өлкө желегин алыскы аймактарда желбиретип келген жылкылар бул жайда быйылкы жылдан тарта жасалма уруктандыруу жолу менен көбөйтүлүүдө. Бул үчүн атайын аппараттар сатылып алынып, лаборатория түзүлгөн.

БААСЫ 80МИҢ ДОЛЛАРЛЫК ЖОРГОЛОР.

Азыркы  кезде  жылкынын 200ден ашык породасы белгилүү болсо бул фермада анын үч түрү багып өстүрүлөт. А жалпылап караганда жылкылардын дене түзүлүш бирдей, бирок бири-биринен  дене мүчөлөрүнүн пропорциялары менен айырмаланып турат. Аргымактар өз ичинен чуркоого ылайыкташкан тукумдарга,  ошондой эле түгү узунураак келген суук климатка ылайыктанкан түрлөрүнө жана  дене түзүлүшү кубаттуу болгон, оор жумуштарга туура келүүчү тармактарга бөлүнөт.

БААСЫ 80МИҢ ДОЛЛАРЛЫК ЖОРГОЛОР.

If you have found a spelling error, please, notify us by selecting that text and pressing Ctrl+Enter.