ИИМдин Транспорттогу ички иштер башкармалыгы Талас облусунун Кара-Буура районунун 1977-жылы туулган Бекбоев Калыс аттуу жашоочусун издейт. Жогоруда аталган жаранга карата Кыргыз Республикасынын кылмыш-жаза кодексинин 246-беренесинин 3-бөлүмү (Башкага берүү максатын көздөбөстөн баңги каражаттарын же психотроптук заттарды мыйзамсыз даярдоо, сатып алуу, сактоо, ташуу же жөнөтүү) боюнча кылмыш иши козголгон.

Бул тууралуу ИИМден билдиришти. 

Баңгизатты мыйзамсыз сактаган жаран издөөгө алынды

ИИМдин Транспорттогу ички иштер башкармалыгы жарандарга кайрылып, издөөдө жүргөн жаран тууралуу кандайдыр-бир маалымат билгендер болсо төмөнкү номурлар аркылуу байланышып коюңарды суранат: 312 35-12-70, 0700 82-05-05, 0555 82-05-05. Дареги: Бишкек шаары, Лев Толстой көчөсү-63.

Булак: NewTV

If you have found a spelling error, please, notify us by selecting that text and pressing Ctrl+Enter.