КР ИИМдин Баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү кызматынын баңгизаттарды таратууга жана сатууга бөгөт коюуга багытталган атайын операциясы ийгиликтүү аяктады. 2018-жылдын 17-апрель күнү Кыргыз Республикасынын ИИМдин Баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү кызматы ИИОнун бөлүмдөрү менен биргеликте баңгизаттарды таратуучулар менен ташуучуларды кармоо максатында ыкчам-иликтөө иштерин жүргүзүшкөн. 

Бул тууралуу ИИМден билдиришти. 

Сокулук РИИБдин БМЖКККнын кызматкерлери менен биргеликте Чүй облусунун Ново-Павловка айылындагы үйлөрдүн бирин текшеришип, өзгөчө жыты бар зат табышкан. Андан соң, ушул үйдө убактылуу жашаган Жалал-Абад облусунун 1970-жылы туулган К.А. аттуу жашоочусуна өздүк кароо жүргүзүү учурунда жанынан 44 даана брикеттелген кочкул-күрөң түстөгү өзгөчө жыты бар 500 грамм салмактагы зат табылган.

Бул факты боюнча Кыргыз Республикасынын кылмыш-жаза кодексинин 247-беренесинин (Баңги каражаттарын, психотроптук заттарды, алардын окшошторун же прекурсорлорду башкага берүү максатында мыйзамсыз даярдоо, сатып алуу, сактоо, ташуу, жөнөтүү, ага тете эле мыйзамсыз өндүрүү же берүү) негизинде кылмыш иши козголгон.

Маалымат боюнча кармалган жаран (аял киши) баңгизаттарды ташуу менен алектенип жүргөн.

Экспертизанын жыйынтыгы менен алынган зат “гашиш” баңгизаты болуп чыкты. Кармалган жаран убактылуу кармоочу жайга камалды.

Учурда аталган кылмыш ишине тиешеси башка жарандардын өздүгүн тактоо боюнча иликтөө иштери жүрүп жатат.

Булак: NewTV

Эгерде сайттан катачылык тапсаңыз, текстти тандап, Ctrl+Enter баскычтарын басып, бизге жөнөтүнүз