Жалал-Абад облусунун Токтогул районунда 5 килограммдан ашык гашиш баӊгизатын сатуучулар кармалды. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, 2022-жылдын 9-апрель күнү тийиштүү кызматка Кылыч аттуу жаран баңгизатын сатып жана сактап жүргөндүгү тууралуу маалымат түшкөн. Атайын тергөө иш-чараларынын жүрүшүндө аталган жарандан 1600 сомго 70 грамм гашиш баңгизаты сатып алынган.

“Териштирүү иштеринде Токтогул районунун тургундары – 2001-жылы жана 1990-жылы туулган жарандар 100 миң сомго 5 килограмм 360 грамм гашиш баңгизатын сатып жаткан жеринен кармалышкан. Алар кылган кылмыштарын толугу менен моюндарына алып, убактылуу кармоочу жайга киргизилди”, – деп жазылат маалыматта

If you have found a spelling error, please, notify us by selecting that text and pressing Ctrl+Enter.