Ички иштер министрлиги трансулуттук баңги тобунан баасы 1 миллион 808 миң долларлык баңгизат алынганын билдирди. Мекеменин маалыматы боюнча, министрлик Казакстандын атайын кызматы менен бирге Борбор Азияга синтетикалык заттарды интернет аркылуу саткан топтун ишине бөгөт койду.

Трансулуттук баңги тобунун ишмердүүлүгүн жоюу боюнча биргелешкен атайын операция Кыргызстан менен Казакстандын аймагында жарым жыл бою жүргүзүлгөн. Жыйынтыгында баңги жана психотроптук заттардын ири партияларын даярдоого, контрабандага жана сатууга тиешеси бар Кыргызстандын үч, коңшу өлкөнүн төрт жараны кармалды. Алардан 31 кг 265 грамм баңгизат алынып, аны даярдаган эки жер жоюлду.

If you have found a spelling error, please, notify us by selecting that text and pressing Ctrl+Enter.