Ыкчам-издөө иш-чараларынын алкагында, Ош областынын аймагынан «Дэу-Нексия» маркасындагы авто унааны башкарып бара жаткан 1994-жылы туулган,Ош облусунун тургуну  «Э.у.Р.» жана коңшу мамлекеттердин биринин жараны, 1983-жылы туулган «Н.А.» кармалышты. Бул тууралуу УКМКнын маалымат кызматы билдирди.

Авто унаанын багажын текшерүү учурунда контрабандалык жол менен коңшу мамлекеттердин бирине алынып бара жаткан,101 литр ангидридуксуз кислотасын куюлган, 10-13 литр өлчөмүндөгү 8 даана желимчелектер табылып алынды. 0,5 литр ангидридтен1 кг героин өндүрүлөт.

Бул окуя боюнча  УКМК Тергөө органдары тарабынан  Кылмыш-жаза кодексинин 267-беренеси (Баңгизат каражаттарын, психотроптук заттарды жана алардын аналогдорун сатып өткөрүү максатында мыйзамсыз даярдоо) боюнча сотко чейинки өндүрүштүк иштер башталып, Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталды. Аталган адамдар УКМКнын тергөө камак жайына киргизилди.

Азыркы убакта УКМК бул кылмыштын уюштуруучуларын жана ага тиешеси бар башка адамдарды кармоого жана ошондой эле транзиттик каналдарына жана контрабандага бөгөт коюуга багытталган ыкчам-тергөө иштери жүрүп жатат.

Эгерде сайттан катачылык тапсаңыз, текстти тандап, Ctrl+Enter баскычтарын басып, бизге жөнөтүнүз