Бүтүрүүчүлөргө аттестат, күбөлүктөр 18-20-июнда берилет. Бул туурасында билим берүү министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Эгер бул датага чейин өлкөдө абал туруктуу болуп, тиешелүү органдар уруксат берсе, аттестаттар бүтүрүүчүлөргө салтанаттуу түрдө тапшырылат.

⠀Абал жөнгө салынбаса, ар бир окуучу мектеп берген график боюнча ата-энелери менен эки-үчтөн барып мектептен алып кетишет. 20-июнга чейин аттестат, күбөлүктөр бардык бүтүрүүчүлөрдүн колунда болуп калуусу шарт.

If you have found a spelling error, please, notify us by selecting that text and pressing Ctrl+Enter.