Бүгүн эрте менен Жогорку Кеңеш депутаттары күн тартибинде ар кайсы маселелерди талкуулашты.

Депутат Бакыт Төрөбаев: “Президент эки жолу Кыргызэнергохолдингди сындады. Ал жерде болуп жаткан мыйзамсыз төлөмдөр тууралуу айтайын деп жатам. Ошонун негизинде мага бир топ кагаздар келди. Мен баардык энерго компанияларга кат жолдодум . Алардан мага эч кандай төлөмдөр алынбайт деген жооптор келди.

Мен ыкчам түрүндө төлөмдөр алынганы тууралуу кагаздарды алдым. Мындай квитанцияларды “Жалал-Абад электр” ишканасынан алдым. “Жалал-Абад” электр ишканасынын директору октябрь айында 61 миң сом, ноябрь айында 122 миң, декабрда 144 миң сом айлык алган.

Мыйзамсыз төлөмдөрдөн өздөрүнө айлык алып атышат. Ушул эле учурда Аксы районунда алардын жумушчулары эки айлап айлыктарын ала албай жүрүшөт. Бул акчаларды элге кайра кайтарып бериш керек. Бул мыйзамсыз төлөмдөр. Кечээ Таласта электр энергиясын төлөй албай апасы менен кызы каза болду”,-деди.

Эгерде сайттан катачылык тапсаңыз, текстти тандап, Ctrl+Enter баскычтарын басып, бизге жөнөтүнүз